"Ооганстандагы аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү" конференциясы

Борбор Азиядагы туруктуулук жана коопсуздук. Аталган темага аймактык мамлекеттер Ооганстанга колдоо көрсөтүүгө жана кызматташууга өзгөчө көңүл бурушкандай эле терең маани беришет. Мисалы, Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешине туруксуз мүчө болуп, уюмдун аянтында ооган суроосун бир нече ирет көтөргөн.  Казакстандын бул багыттагы эң маанилүү багыттарынын бири - Ооганстанда гендердик теңдикти жана аялдардын ордун жакшыртуу боюнча шарттарды түзүү.  БУУ өкүлдөрүнүн айтымында,  Ооганстанда тынчтыкты өнүктүрүү боюнча Казакстандын ролу жогору бааланат.

МАРИЯ НОЭЛЬ ВАЕЗА, “БУУ-АЯЛДАР” ПРОГРАММАЛЫК МҮДҮРҮ:

- Казакстан Ооганстанда туруктуулук жана тынчтыкты курууда аялдардын ролун жогору баалайт. Менин байкашымча сиздердин республика оогандык аялдардын билим деңгээлин көтөрүү максатында көп аракеттерди кылып жатат. Анткени бул нерсе Ооганстанда тынчтыкты орнотууда зор мааниге ээ. Мага белгилүү болгондой, сиздер оогандык аялдар бул жакка келип, билим алып, кайра үйлөрүнө кайтып, ал жактан жакшы жумуш табуу үчүн көрүнүктүү каржы бөлгөнсүздөр.

Эл аралык серепчилердин айтымында, акыркы жылдары ислам республикасында гендердик маселе көрүнүктүү өзгөрүүгө туш болгон. Назик жандар мамлекеттик структураларда, Ооганстан парламентинде кызмат аткарышууда. Парламентте депуттардын төрттөн бир бөлүгү аялдар.

ЭДРИЭНН РОСС, СТРАТЕГИЯЛЫК ЖАНА КРИЗИСТИК КОММУНИКАЦИЯЛАР БОЮНЧА МАМКАТЧЫНЫН  ЖАРДАМЧЫСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Ооганстан маселеси боюнча Казакстан эң мыкты колдоо көрсөттү. Сиздердин өлкө чындыгында аялдардын укуктары боюнча маселелерди чечүүгө кызыктар. Биз, АКШ Борбор Азияда Ооганстанда эң керектүү учурда колдоо көрсөткөн Казакстан сыяктуу  өнөктөшүбүз бар экенине кубанычтабыз.

Эскерте кетсек, Казакстан БУУнун Коопсуздук Кеңешинде мүчө катары 8 жылдын ичинде биринчи жолу Уюмдун катышуучуларын Ооганстанга барууну демилгелеген. Казакстан ар кандай долбоорго катышуу аркылуу гуманитардык жардам көрсөтүп келет. Бул демилгелер улантылат.