Казакстан – ядросуз дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү

Казакстан – ядросуз дүйнөнүн ажырагыс бөлүгү

Казакстан эл аралык аренада өзүнүн дүйнөлүк демилгелери менен белгилүү. Республика өзүн ишенимдүү өнөктөш жана тынчтык куруучу катары көрсөтө алды. БУУнун алдындагы Малайзиянын туруктуу өкүлү Шахрул Икрам өз куттуктоосунда ушундай пикирин билдирди. Саясатчынын айтымында, ар бир Казакстандын демилгелери бара-бара БУУнун расмий документине айланууда. Ал эми Казакстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин тең укуктуу мүчөсү аталышы өлкөнүн жетишкендиктеринин ачык далили.

ШАХРУЛ ИКРАМ, БУУ АЛДЫНДАГЫ МАЛАЙЗИЯНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан эл аралык уюмдун жигердүү мүчөсү экенин бардыгыбыз билебиз. Ошондой эле, БУУнун Коопсуздук Кеңешинде маанилүү ролду аткара турган мамлекет.

Өз кезегинде БУУнун Башкы ассамблеясынын төрагасы Мирослав Лайчактын айтымында, ядролук куралдан тазалоо жолунда Казакстандын кошкон үлүшү мол. Ошондой эле, бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө Казакстандын тынчтык демилгелерине колдоо көрсөтүүгө даяр.

МИРОСЛАВ ЛАЙЧАК, БУУНУН БАШКЫ АССАМБЛЕЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Сиздердин өлкө эл аралык уюмда маанилүү жана жоопкерчиликтүү ролду аткарат. Бул жаатта БУУнун Коопсуздук Кеңешиндеги мүчөлүгү ага далил. Казакстан бул жерде өзүнүн кызыкчылыгын гана койбой, дүйнө тынчтыкта өмүр сүрүүсү керек экендигин жеткирди. Казак эли бул нерсеге үлгү болоору шексиз.

Казакстандын ядросуз аймак болуп жарыялануусу жана Семей полигонунун жабылуусу казакстандыктардын сыймыктана турган жетишкендиги. Бул Европа Парламентинин депутаты, Тышкы иштер комитетинин мүчөсү Андрей Мамыкиндин пикири.

АНДРЕЙ МАМЫКИН, ЕВРОПА ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТЫ:

- Башка курал ядролук куралдай коркунучту пайда кылбайт. Орусия менен АКШнын фонду кыскарып, Казакстан ядросуз аймак болуп жарыяланды. Бирок, аталган куралдын жер бетиндеги фонду адамзатты жок кылып жиберүүгө жетет. Ушул багытта Казакстандын ядролук куралга каршы саясатты карманаары кубандырат жана аны иш менен далилдеп келе жатат.  Атомдун ар бир түрү адамзаттын тынчтыгы үчүн колдонулуусу керек. Ал эми аскерий атомго эч качан жол жок.