Казакстан менен Кытай кызматташтыгы

Бүгүнкү күндө Казакстан менен Кытай стратегиялык жана көп тармактуу кызматташтыкты орнотууда. Кош тараптын ич ара эффективдүү өнөктөштүгүн жакшыртууда «Нурлуу жол» транспорттук-логистикалык долбоору менен «Бир кур – бир жол» демилгесинин мааниси зор. Эскерте кетсек, аталган демилгени КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинь беш жыл мурун алгачкы жолу  Казакстанда көтөргөн. Эки жактуу өнөктөштүктүн алкагында азыр 51 долбоор ишке ашырылып жатат. Алар мунай өндүрүштөрү, алюминий, жез өндүрүү сыяктуу долбоорлор. Мисалы, азыр Алматыда  кең диаметрлүү болот түтүктөрүн чыгара турган заводдун курулушу жүрүп жатат.

ЧЭНЬ ДАЮ, ТҮТҮК ЧЫГАРУУ КОМПАНИЯСЫНЫН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Бүгүнкү күндө кытайлык компания мунай менен газ түтүктөрүнүн желелерин салып жатат. Ошондуктан биздин өндүрүш суроо-талапка толук жооп берет.

Түтүк чыгара турган жаңы өндүрүш очогу заманбап автоматташтырылган орнотмолор менен жарыктандырылат. Натыйжасында Казакстан бул өндүрүш импортун 70 пайызга кыскарта алат. Ишкана жыл аягында колдонууга  берилет деп мерчемделген. Жалпы долбоор баасы 100 миллион долларды түзөт.

 ДМИТРИЙ РОДИОНОВ, БАШКЫ ИНЖЕНЕР:

- Өндүрүш мунай-газ тармагынын өнүгүшүнө чоң таасир берет. Мунай иштетүү жана жеткирүү желелерине өтө керектүү өндүрүш. Ошондой эле, шаар турак жай коммуналдык чарбачылыгындагы жылуулук жана суу түтүктөрүн тартууга болот.

Өлкөлөр ортосунда агро өнөр жай комплекс тармагы боюнча өнөктөштүк өнүгүп келет. Кытай тарап Казакстандын айыл чарба өндүрүштөрүнө кызыктар.

ТИМУР ШАЙМЕРГЕНОВ, КР КОРГОО ЖАНА АЭРОКОСМОСТУК ӨНӨР ЖАЙЫНЫН ВИЦЕ-МИНИСТРИ:

- Казакстан менен Кытай ортосундагы кызматташтык биздин өлкөбүздүн айыл чарба өндүрүштүгүн өнүктүрүүгө себеп болот. Ушунун аркасында эки өлкөнүн табигый таза айыл чарба өндүрүштөрү муктаждыктарды камсыздай алат. Биз бир катар кытайлык ишканалардын биргелешкен долбоор түзүүгө кызыктар экенин байкадык.

Эл аралык серепчилердин пикиринде, «Бир кур – бир жол» демилгеси алкагында казак-кытай кызматташтыгы эки жакка тең пайдалуу. Бул өз кезегинде өлкө экономикасын ар тараптуу кылып, жаңыртууга жаңы дем болот.