Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө

Чолпон-Атада Түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин кезектеги отуруму өтүүдө

Нурсултан Назарбаев түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин 6-отурумунда түрк тилдүү мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө боло турган демилгелерди сунуштады. Саммит Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында өтүп жатат. Аталган саммитке Казакстан, Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Түркия мамлекеттеринин президенттери жана Венгриянын премьер-министри катышууда. Нурсултан Назарбаев  транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу жана тарифтик саясатты жеңилдетүү керектигин кошумчалады. Ошондой эле Казакстан президенти “Астана” эл аралык каржы борборунун мүмкүнчүлүктөрүн колдонууга чакырды. Эл башы “Руханий жаңыруу” мамлекеттик программасынын алкагында “Казакстандын 100 жаңы ысымы” долбоорун ийгиликтүү өткөрүлгөнүн айтып, ушул сыяктуу долбоорду Түрк кеңеши өлкөлөрүнөн сырткаркы аймактарда өткөрүүнү сунуштады. Мындан сырткары Нурсултан Назарбаев, өлкөлөрдү Түркестан облусуна инвестиция кылууга чакырды. Казакстан президентинин дагы бир демилгеси – Кеңешке мүчө өлкөлөрдүн жаштарынын ортосундагы карым-катнашты бекемдеп, мамлекеттердин кооз жерлерин, салттарын жана маданияттарын көрүп-билүүгө багытталган саякат уюштуруу.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Бүгүнкү күндө дүйнөдө геосаясий жана геоэкономикалык кырдаал алгылыктуу өзгөрүүлөргө туш болду. Дүйнөлүк экономиканы өнүктүрүүдө туруктуулук  жок, эл аралык мамилелер курчуп жатат. Бул көйгөйлөрдүн себептери да белгилүү. Бул санкциялар, соода-сатык согуштары, соода-сатык биржалардын, каржы рынокторунун өзгөрүлмөлүүлүгү жана инвестициялардын кыскарышы. Ошондой эле коопсуздук тармагындагы коркунучтар да өсүп жатат. Бул терроризм, диний экстремизм, уюшкан кылмыштуулук, мыйзамсыз көчүп-конуу жана баңгитрафик. Бул заманбап чакыруулар түрк дүйнөсүн да айланып өтүп кеткен жок. Ошондуктан бул бизден комплекстүү аракеттерди талап кылат. Түрк кеңишинин алкагындагы кызматташуу  күчтөрдү бириктирип, ыңгайлуу карым-катнашты өрчүтүүгө мүмкүнчүлүк берет.