Сеулда Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары жолугат

Жетинин айынын алтысында Сеулда Борбор Азия жана Корея Республикасынын Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөт. Иш-чарага даярдык катары Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан менен Өзбекстан министрликтери жана мекемелеринен бештен өкүл чакырылган. Казакстандан ага Энергетика жана айыл чарба министрлигинин кызматкерлери катышты. Конокторго экологияны жакшыртуу боюнча ноу-хау көрсөтүлүп, казакстандыктар  борбор азиялык кесиптештери менен бирге таштандыны кайра иштетүү аянтын көрүштү. Бул жерде турмуштук таштанды кайра иштетилип, тазартылып, ичүүчү суу, мал азыгы жана шаардык автобустар пайдаланган газ алынат. Аны менен катар, делегация мүчөлөрү экологиялык изилдөөлөр боюнча улуттук  институтта болушту. Бул мекеме абага зыяндуу калдыктарды чыгарбай, күн батареялары аркылуу өзүн электр кубаты менен камсыздай турган «акылдуу» имаратта жайгашкан.

КИМ СОНГ ИН, КОРЕЯ РЕСПУБЛИКАСЫ-БОРБОР АЗИЯ КЫЗМАТТАШТЫГЫ ФОРУМУНУН КАТЧЫЛЫГЫНЫН АТКАРУУЧУ МҮДҮРҮ:

- Сеулдагы 5 мамлекеттин Тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун башкы темасы – суу фонддорун эффективдүү пайдалануу жана Арал деңизин куткаруу. Ошондуктан сууну тазартуу боюнча ноу-хау менен тааныштыруу үчүн ушул тармактын адистерин чакырдык. Ошондой эле, биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкүлдөрү кореялык кесиптештери менен таанышып, тажрыйба алмашса дегенбиз.