«Армия-2018» эл аралык форуму

«Армия-2018» эл аралык форуму

Казакстандык аскерий өндүрүштөрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктөрү бар. Мындай пикирди карманган чет өлкөлүк адистер казакстандык оптика, радио, брондуу кийимдер сыяктуу аскерий амуницияга жана системаларга кызыгуу артып жатат. Казакстандык коргоо өнөр жай комплекси ишканалардын өндүрүштөрү Москвадагы «Армия-2018» эл аралык форумунда көпчүлүктүн назарына сунушталды. Казак тарап аталган иш-чарага ушуну менен 3-жыл катары менен катышып жатат.

АСЛАНБЕК СЫРЛАНОВ, КР КАӨМ ЭЛ АРАЛЫК КЫЗМАТТАШТЫК БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫ:

- Баасы менен сапаты жакшы болгондуктан биздин өндүрүш атаандаштыкка туруктуу. Анткени казакстандык ишканаларда кесипкөй адистер иштешет. Алар заманбап түзмөктөр  жасай албай турган буюмдарды өтө тактык менен чогултушат.

КАЙРАТ КАЛМАНБАЕВ, «ТЫНЫС» АК БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Биз авиациялык кошумча бөлүктөр менен түрдүү максаттагы агрегаттарды экспортко чыгарууга жалгыз тапшырыкты жеткирүүчүбүз. Аны менен катар, жеткирүүдөн башка, биз ушул буюмдардын өндүрүш технологияларын ойлоп табуучуларбыз.

Коргоо жана аэрокосмостук өнөр жай министрлигинин колдоосу менен уюштурулган казакстандык стенд 200 чарчы метрден ашуун аймакты камтыйт. Бул жерде аскерий буюмдар жана жупташкан максаттагы 120дан ашуун үлгү менен макет сунушталды. Белгилей кетсек, «Армия - 2018»  эл аралык аскерий-техникалык форумуна 18 мамлекеттен 80ден ашуун ишкана катышты.

ТАЛГАТ ЖАНЖҮМЕНОВ, КР КОРГОО МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Аскерий техникалардын жаңы заманбап үлгүлөрү менен таанышуудан башка кызматташтык карым-катнашты да жолго салып жатабыз. Биздин аскерлерибизге керектүү товарларды Казакстанга ташуу маселелелерин чечебиз.

Аны менен катар, форумдун алкагында казакстандык делегация бир катар чет өлкөлүк өнөктөштөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.