Осетр балык түрүн коргоо

Осетр балык түрүн коргоо

Каспий аймактык өлкөлөрү осетр балык түрлөрүнүн популяциясын калыбына келтирүү үчүн бири-бири менен тыгыз байланышта иштейт. Мындай мүмкүнчүлүк Актау саммитинен кийин пайда болду. Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу Конвенция эрежелеринин бир бөлүгү браконьерлик менен күрөшүү багытында күч бириктирип, жээктердеги өлкөлөрдүн илимий мүмкүнчүлүктөрүн чогуу пайдаланууга жол ачат.

НАРИМАН ЖҮНИСОВ, КР АЧМ, ТОКОЙ ЧАРБАЧЫЛЫГЫ ЖАНА ЖАНЫБАРЛАР ДҮЙНӨСҮ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Эң алгач биз бирдиктүү келишимдин негизинде иштешибиз керек. Ушул укуктук макам Каспий деңизиндеги браконьерлик менен биригип күрөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Бирдиктүү иш-чаралар планын иштеп чыгып, ишке тезирээк киришүүбүз абзел. Бул жок болуп бара жаткан осетр балык түрлөрүнүн тез өрчүшүнө жол ачат.

Акыркы он жыл ичинде Каспий деңизиндеги осетр балык түрлөрүнүн популяциясы он эсе кыскарган. Балыктын баалуу түрүн калыбына келтирүү жана сактоо үчүн быйылкы жылы казакстандык фермерлер Орал жана Каспийге 7 млн даана осетр чабактарын жиберген. Семга, белуга жана осетр балык түрлөрүн көбөйтүү аракеттери Иран, Орусия жана Азербайжанда да жүрүп жатат.

ЕРБОЛАТ КАДИМОВ, КАЗБЧИИИ АТЫРАУ БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Жалпы Каспий аймактык өлкөлөрүндө 20га жакын осетр чабагын өстүрө турган завод бар. Деңизге жибериле турган балыктардын генетикалык тегин изилдөө аркылуу биз анын кайсы өлкөгө тиешелүү экенин аныктай алабыз.

Казакстан президентинин Актаудагы саммитте көтөргөн демилгесин  бардык беш мамлекеттин башчылары колдоп, Каспий деңизиндеги  уюшулган кылмышка каршы күрөшүү тармагындагы  кызматташтык тууралуу протоколго кол коюлду. Серепчилердин айтымында, мыйзамдуу документтер чек арачылар жана балык инспекциясынын кызматкерлерине тез маалымат алмашууга мүмкүнчүлүк берет.