Казакстандык тынчтык куруучулар полку Ливанга барат

Казакстандык тынчтык куруучулар полку Ливанга барат. Өлкөнүн  120 жоокери БУУнун миссиясы боюнча Жакынкы Чыгышка алдыдагы күздө аттанышат. Азыр жоокерлер Алматынын жанындагы окуу-машыгуу полигонунда даярдык көрүп жатышат. Тынчтык куруучулук миссиянын шарттарына тез ыңгайлашуу максатында полигондун аймагы жоокерлер кызмат аткара турган Ливандай болуп жасалган. Эң башкысы, ар бир майда бөлүктөрүнө чейин тыкыр маани берилип, жөндөмдүүлүктөрдү бекемдеп алуу керек, дешет жоокерлер.

КАНАТ БИЛАЛОВ, ІІ ТЫНЧТЫК КУРУУЧУЛАР БӨЛҮМҮНҮН КОМАНДИРИ:

- Биз блок-бекетти, байкоо жүргүзүү бекетин уюштуруу, мобилдик блок-пост, станционардык блок-постту куруу, аймакты патрулдоо жөндөмдөрүн бекемдеп жатабыз. Мунун баары миссияны  аткарууда керектүү нормативдер.

Казакстандык тынчтык куруучулардын башкы миссиясы – Ливан өлкөсүндөгү тынчтыкты сактоо, чыр-чатактарды тынчтык жолу менен чечүү, өкүнүчтүү кырдаалдарды ок менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү.

СУХРАБ АППАЗОВ, ЛИВАНДАГЫ БЕЙПИЛДИКТИ ОРНОТУУЧУ КОНТИНГЕНТ КОМАНДИРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Куралды өтө кооптуу жагдайларда гана колдоно алабыз. Бөлүмчөнү, БУУ кызматкерлерин, объекттерин коргоо үчүн уюмдун уставынын 6 бапына ылайык аракет кылабыз.

Элиталык бөлүмгө кабыл алуу эрежеси татаал. Бейпилдикти орнотуу ротасы Капчыгайдагы аскерий бөлүмүнүн базасында жасалды. Тандоодон өтпөй калгандар көп болду. Натыйжасында мыкты 120 жоокер аймактагы тынчтыкты сактоого салым кошуу үчүн Ливанга аттанышты.

АЙДОС НУРЛЫБАЕВ, І ТЫНЧТЫК ОРНОТУУ ВЗВОД СЕРЖАНТЫ:

- Тандоо кезинде физикалык жана психологиялык даярдыгыбызга карашты. Анткени бара турган өлкөдо татыктуу кызмат аткарууга милдеттүүсүң.

Казакстандык жоокерлердин тынчтык куруу тажрыйбасы бар. 90-жылдары казакстандык контингент Тажикстанда, ал эми 2000-жылдары Иракта кызмат өтөшкөн. 2003-2008-жылдар аралыгында «Казбат» инженердик-сапёрдук бөлүмү Ирак аймагын миналардан тазалоого катышкан. 5 жылда жоокерлер  4,5 млн мина менен жарылуучу заттарды жараксыздандырып, 7 миң куб метр сууну тазалашкан. Бул жолу казакстандык аскерлер БУУнун тынчтык куруу контингентинин курамында  Ливанда алты ай кызмат кылышат.