Терроризм менен күрөшүү кодекси ишке кошулат

Нью-Йоркто терроризмден тынчтык дүйнөгө кол жеткирүү боюнча кодекс ишке кошулат. Эске сала кетсек, маанилүү документ Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен даярдалган. Мамлекет башчысы БУУнун Коопсуздук Кеңеши менен Башкы Ассамблеяны дүйнөлүк антитеррор коалициясын курууга чакырган. Кодексти даярдоо ишине ар бир өлкөнүн  өкүлдөрү менен контртерроризм тармагындагы эл аралык серепчилер тартылды. Казакстан тарап аймактык топтор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, бардык пикирлер менен сунуштарды угуп чыкты. Кодекске үстүбүздөгү жылдын аяк оона айында өтө турган БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73-сессиясынын алкагында жалпы саясий талкуу жумасында кол коюлат деп күтүлүүдө. Белгилей кетүүчү жагдай,  казакстандык демилгеге АСЕАН өлкөлөрү да колдоо көрсөтүп, кол коюуга даяр экендигин билдиришти.

СУХАЙМИ ТАЖУДДИН, БУУнун АЛДЫНДАГЫ МАЛАЙЗИЯ ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮНҮН КЕҢЕШЧИ-ЭЛЧИСИ:

- Терроризм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө коркунуч жаратып турат. Ошол себептүү аны менен күрөшүү жолунда бирдиктүү чечим кабыл алып, бириккенибиз жөндүү.  Казакстандык демилге өтө заманбап жана мамлекеттерге ушул маселени саясий жол менен чечүүгө мүмкүнчүлүк берет. Тынчтык өмүргө кол жеткирүү Кодексине кол коюлгандан кийин, мерчемделген бардык тармак ишке ашат деп ойлоймун. Казак өлкөсү  сунуштаган бул эл аралык документ шериктештикти ар тараптуу камтыйт. Ошол себептүү Казакстанга чоң рахмат айткым келет. Ушул долбоорду аягына чейин ишке ашыра турганыбызга ишенем.