Каспий деңизинин макамы

Казакстан жакынкы арада Каспий деңизинин укуктук макамы боюнча Конвенцияны бекемдөөнү көздөп жатат. КР Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Каспий деңизинин түбү көлгө, ал эми суунун үстү деңизге колдонула турган укуктардагы эрежелерге негизделген. Эскерте кетсек, тарыхый документ Актауда өткөн Каспий саммитинде кол коюлган. Ошондой эле, саммиттин алкагында беш өлкөнүн башчылары өкмөт аралык келишимдерге, тактап айтканда, Каспий аймагындагы чыр-чатактардын алдын алуу, Каспий деңизиндеги коопсуздук боюнча, терроризм жана уюшкан кылымыштуулук менен күрөшүү, чектеш аймактардагы мекемелерде кызматташууга кол коюшту.

САБЫР ХАСАНОВ, ЖЭЭКТИК ЧЕК АРАЛЫК КЫЗМАТ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Каспий аймактык өлкөлөрүнүн бешинчи саммитинин алкагында тарапташтар чек аралык мекемелердин  ич ара шериктештиги жөнүндөгү протоколго кол коюшту. Документ тиешелүү органдардын өнөктөштүгүн борбордук жана аймактык деңгээлдерде  ишке ашырууга укуктук негиз жасайт. Биргеликте аракет кылуу, биринчи кезекте, маалымат алмашуу, мыйзамсыз ишмердүүлүк менен алек болгон жеке жана юридикалык жактар, мыйзамсыз мамлекеттик чек араны кесип өткөн кемелер боюнча иш алып барышат.