Мамкызматтын жаңы модели: Казакстан өз тажрыйбасы менен бөлүшөт

Эффективдүү мамлекеттик кызматтын моделин түзүү боюнча башка өлкөлөр Казакстандын ийгиликтүү тажрыйбасын  өздөштүрүүдө. Алардын катарында борбор азиялык республикалар да бар. Казакстан Республикасынын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын кызматкерлери өзбекстандык кесиптештерине семинар өтүштү. Бир жыл мурда окуу имаратынын алдында тренингдерди иштеп чыгуу жана эл аралык стандарттарга шайкеш мамлекеттик кызматкерлерди сертификациялоо менен алектенген долбоордук башкарууну өнүктүрүү Борбору түзүлгөн. Аймактарда бөлүмдөрү да жигердүү иштеп келүүдө. Азыркы тапта бул окуу төрт жарым миңге жакын мамлекеттик кызматкерди камтыйт.

ДИЛЬФУЗА РАХИМОВА, ӨЗБЕКСТАН ПРЕЗИДЕНТИНИН  АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Казакстан жана Өзбекстан Академияларынын тыгыз кызматташуусунун негизинде жалпы меморандумга кол коюлду. Бизге мамлекеттик кызмат көрсөтүү, кеңселик долбоорлорду түзүү, долбоордук башкарууну ийгиликтүү колдоно билүү боюнча Казакстандын тажрыйбасын үйрөнүү кызык.

АЛЬТАИР АХМЕТОВ, КАЗАКСТАН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫНЫН ВИЦЕ-РЕКТОРУ:

- Азыркы тапта Академиянын долбоордук башкаруу жаатында мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бүгүнкү күндө Өзбекстандык кесиптештер эле эмес, орусиялык мамлекеттик башкаруу академиясынан, Татарстандык кесиптештер жана башка мамлекеттер тарабынан кызыгуу бар. Башка делегациялардын келүүсү күтүлүүдө.