Шахид Куреши: Каспий Конвенциясы коопсуздукту жакшыртат

Каспий деңизинин укуктук макамын аныктаган Конвенция тууралуу британ серепчилери өз пикирлерин билдиришти. «The London post» гезитинин башкы редактору Шахид Куреши маанилүү документтин аркасында коопсуздук маселеси жаңы сапаттык деңгээлге көтөрүлөрүн белгиледи. Ал келишимдин, аймакка тиешеси жок ири мамлекеттердин куралдуу күчтөрү Каспий деңизинде эркин ишмердүүлүгүн жүргүзө албайт деген пунктун колдойт. Бул Конвенция бүгүнкүдөй убарасы көп заманда өтө негиздүү, дейт британиялык журналист.

ШАХИД КУРЕШИ, THE LONDON POST ГЕЗИТИНИН БАШКЫ РЕДАКТОРУ:

- Өлкөлөр биологиялык ресурстарды сактап калууга тыкыр маани берүүгө тийиш. Анткени кийин аларды коргоп калуу кыйынга туруп калат. Бул келишим ушуга жардамчы болот. Аны менен катар документтин азыркы кезде пайда боло турган коркунучтарга туруштук берип, өзгөчө кырдаалдарды алдын-алууга жана жоюуга багытталгандыгы кубандырат.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерреш эл аралык коопсуздук менен кызматташтыкты камсыз кылуунун башкы кепили аймактык кызматташтыкты өнүктүрүү экенин белгиледи. «Актаудагы бештиктин макулдашуусу – дүйнөлүк коомчулукка тынчтык менен келишимди калыптандыруудагы мыкты мисал экенин көрсөттү. «Каспий бештигинин» конвенциясы деңиз жээктериндеги мамлекеттердин көптөн бери чечилбей жүргөн олуттуу маселелерин жол-жоболоштуруп, пайда болгон чыр-чатактарга чекит коюу мүмкүнчүлүгүн берет. Бул биринчиден, аймактагы коопсуздукту камсыз кылуу жолундагы мыкты кадам. Ошондуктан, узак сүйлөшүүлөр бир максатка келген беш өлкө башчылары менен элдерин ушундай тарыхый документти кабыл алуусу менен куттуктаймын», - деди Гутерреш.