Каспийдин макамы тууралуу Конвенция өлкөлөр арасындагы шериктештикти бекемдейт

Каспийдин макамы тууралуу Конвенция өлкөлөр арасындагы шериктештикти бекемдейт. Актауда кабыл алынган тарыхый документ суу сактагычын пайдалана турган өлкөлөр үчүн саясий жана экономикалык жактан эффективдүү, дешет азербайжандык серепчилер. Алардын айтымында, документ бир катар тармактар боюнча маанилүү маселелерди чечүүгө таасирин тийгизет.

ЭЛЬХАН АЛЕСКЕРОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Дипломаттардын тилинде бул келишим «win-win» деп аталат. Башкача айтканда, беш тарап үчүн тең эффективдүү документ бекитилди. Бардык суроолорго жакын арада чечимдердин табылаарына ишенип турам. Алардын катарында суу астын бөлүү маселеси да бар. Ошондой эле, энергетикалык долбоорлор да ишке ашуусу мүмкүн. Мунун бардыгы Казакстанда бекитилген документте толук камтылган.

Катышуучу өлкөлөрдүн кийинки кадамы – Конвенциядан пайда боло турган суроолорду туура чечүү. Эң алды менен, улуттук тилкени аныктап алуу көздөлүп жатат.  Андан кийин, экология жана аскердик коопсуздукту камсыз кылууга багытталган энергетика жана транспорттук долбоорлор боюнча кызматташтык орнотуу планы бар.

ФАРХАД МАМЕДОВ, АЗЕРБАЙЖАН ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨ БОРБОРУНУН МҮДҮРҮ:

- Кол коюлган документ өлкөлөр ортосундагы шериктештиктин бекемделишине түрткү болот. Бүгүнкү күндө Каспий аймактык өлкөлөрүнүн арасындагы долбоорлор өнүгө берет. Анын катарында түтүктөр долбоору жана жүк ташууну арттыруу да бар. Казакстан Президенти Нурсултан Назарбаев айтып өткөндөй, Каспий ишеним менен тынчтыктын деңизи болот.

Кабыл алынган документ тарапташтардын кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар экенинин далили. Серепчилердин айтымында, ал экономика, саясий жана аскердик тармакты камтыйт. Эң негизгиси бул келишим кызматташтыктын жаңы жана эффективдүү мезгили болоору шексиз.