Казакстан-АКШ: Экономикалык кызматташтык

Казакстандык товар өндүрүүчүлөр АКШнын бирдиктүү соода преференцияларынын системасы боюнча америка рыногуна чыгат. Бул Казакстандан экспорттоло турган товарлардын бир катарына бажылык салыктарынын төмөндөтүлгөн өлчөмдөрү колдонулат дегенди билдирет. АКШ Соода өкүлчүлүгүнүн программасына катышуу мүмкүнчүлүктөрү менен жергиликтүү ишкерлерди борборго атайын келген америкалык делегациянын өкүлдөрү тааныштырды. Белгилеп кетүүчү жагдай, аталган программанын биринчи мезгилинде 25 мамлекет камтылган. Жеңилдетилген тутумга тиркелген өлкөлөр 3 жарым миң товар түрүн АКШга сатууга мүмкүнчүлүк алат. Бүгүнкү күндө Казакстан негизинен металл жана эритмелерди экспорттоп жатат. Кийинки кезекте АКШ рыногуна айыл чарба жана эл пайдалана турган товарларды чыгарууга жол ачылууда.

АЯН ЕРЕНОВ, КАЗАКСТАНДЫН ТЫШКЫ СООДА ПАЛАТАСЫ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН ТӨРАГАСЫ

- Жеңилдетилген программанын алкагында феррохром, ферросилиций сыяктуу өндүрүштөр экспорттолот. Эми биз башка да товар түрлөрүн, айыл чарба өндүрүштөрүн ушул долбоордун алкагында жөнөтүүнү көздөп жатабыз. Зергер буюмдарды да жөнөтүүгө болот. Биздин казакстандык  компаниялар үчүн бул жакшы мүмкүнчүлүк.