Каспий Конвенциясы: Транзиттик ташуулар үчүн бирдиктүү тарифтер

Каспий аймагы ташуучулар үчүн бирдиктүү өтмө тарифи бар ири эл аралык унаа-логистикалык түйүнгө айланат. Азыркы тапта беш өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү кызматташтык тууралуу негиздеме  келишимге кол коюшту. Шартка ылайык, Каспий бештигиндеги тең салмактуулук жагдай караштырылган. Аны менен катар, тарифтер азыркы биргелешкен өлчөмдөн бир канча төмөн болот. Визалык жана бажылык жол жоболоштурууну жеңилдетүү, жүктөрдү жеткирүү убакыттарын кыскартуу маселелери узак мезгилдер бою чечимин таппай келген. Убагында ар бир  порт чет өлкөлүк компаниялар үчүн тарифтерди өздөрү белгилешкен.

ГҮЛШАТ ДАУЕШОВА, КР ИӨМ УНАА КОМИТЕТИНИН БАШКЫ СЕРЕПЧИСИ:

- Кийинчерээк жүктөрдү ташууга арналган тарифтер төмөндөтүлөт. Өтө эффективдүү болот, себеби, порттогу чогултуулар бардык тарифтин 40 пайызын түзөт. Бул келишимден 5 мамлекет тең утат, эч ким утулбайт. Аны менен бирге, бул келишим транзиттик ташуулардын өнүгүшүнө таасир берет.

Өткөн жылы Казакстандын Каспий аймактык өлкөлөрү менен жүк ташуунун жалпы көлөмү 100 млн тоннадан ашкан. 2018-жылдын жарым жылдыгында эле 60 млн тонна жүк өткөрүлдү. Серепчилер белгилегендей, мындай көлөмдө коопсуздук маселеси актуалдуу. Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу Конвенцияда ушул маселеге өзгөчө көңүл  бөлүнүүдө.

САНАТ КӨШКИМБАЕВ, КАЗАКСТАН СТРАТЕГИЯЛЫК ИЗИЛДӨӨЛӨР ИНСТИТУТУНУН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Ушул Конвенциянын негизинде Каспий аймактык мамлекеттери гана аскердик-саясий ишмердүүлүк жүргүзүүгө укуктуу. Аймакка кирбеген өлкөлөрдө мындай укук болбойт. Ушундай жагдайда Каспий бештиги өз кызыкчылыктарын белгилеп, ачыктап алат. Маанилүү аспектилердин бири - Каспий түбүн сектор эрежесинин негизинде бөлүү. Башкача айтканда, ар бир сектордо деңиз аймактык мамлекеттери эксклюзивдүү экономикалык жана чарбачылык кызматын жүргүзөт.

Транскаспий эл аралык унаа багыты аркылуу Казакстан Кытайдан Европага транзит менен жылына 5 млрд киреше табууга кызыктар.