Дүйнөлүк ЖМКлар Каспий Конвенциясы жөнүндө

Актауда өткөн Каспий аймактык өлкөлөрүнүн бешинчи саммити – дүйнөнүн назарын бурган олуттуу окуя. Муну чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган макалалардан байкоого болот. Дүйнөдөгү ири эл аралык маалымат агенттиктердин бири - «Рейтер», саммиттин Каспий аймактык өлкөлөрүнүн ич ара карым-катнаштарынын өнүгүшүндө маанилүү экендигин жазды. Макала авторлору 5 мамлекеттин башчысы жолугушуу жыйынтыгында кабыл алынган Каспий макамын тастыктаган Конвенциянын маанилүүлүгүнө терең маани беришкен.

****************************************************

Ал эми, кытайлык «Синьхуа» агенттигинин журналисттери жолугушуу алкагында кол коюлган  өкмөт аралык келишимдерге маани беришкен. Маалыматта, бул документтер Каспий аймагы экономикасынын ар түрдүү тармактары боюнча өнүгүшүндө жалпы стратегияга кол жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бере тургандыгы айтылат. Ошондой эле,  унаа ташууларын ишке ашыруу учурунда технологиялык жана акимчиликтин жараяндарынын шайкештиги тууралуу да жазылган.

****************************************************

«Евроньюс» европалык маалыматтык телеканалы Актауда кабыл алынган Конвенция, Каспийдин тынч-тиричилигин аныктаган тарыхый документ деп белгилеп өттү. Аны менен катар, телеканал олуттуу деңиз долбоорлорун ишке ашыруу маалында милдеттүү түрдө экологиялык фактор эске алынаарына көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду.