Каспий конвенциясынын кабыл алынуусу: Серепчилердин пикири

Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу конвенциянын кабыл алынуусу аймакка тартыла турган инвестиция көлөмүн көбөйтөт. Серепчилердин пикиринде, эми чет өлкөлүк инвесторлор аймакта ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга умтулушат. «Айрыкча, Каспий деңизиндеги мунай жана газ ресурстарын өздөштүрүү, экологиялык талаптарга ылайык магистралдуу түтүктөрдү салуу багытындагы заманбап долбоорлор колго алынат», - дешет серепчилер.

АЙЖАН МУКЫШБАЕВА, КР ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТ ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

- Каспий деңизинин укуктук макамы аныкталбаган кезде инвесторлор келерине күмөн болгон. Себеби, келечекте ошол Каспий деңизинин аймагындагы 5 өлкөнүн ортосундагы кандайдыр бир пикир келишпестиктер пайда болушу мүмкүн, анын натыйжасында алардын салган инвестициясы, долбоорлору ишке ашпай калышы ыктымал деген күмөн саноолор болгон. Ал эми азыркы убакытта чыныгы Каспий деңизинин Конституциясы кабыл алынды десек болот. Эми инвесторлор келген кезде алар ишеним менен ири долбоорлорду ишке ашыра алышат. Себеби, ар бир өлкөнүн аймагы так аныкталды.

Деңиз макамынын аныкталуусу аймакта туризм тармагынын өнүгүшүнө да таасир берет. Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун серепчиси Руслан Изимовдун айтымында, тартымдуу жана эффективдүү демилге колго алынса, туристтер Каспий деңизине саякат жасап, бир учурда беш өлкөнү кыдырып чыга алат.

РУСЛАН ИЗИМОВ, КР ТУНГУЧ ПРЕЗИДЕНТ ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ДЭСИ СЕРЕПЧИСИ:

- Бул долбоор өлкө жарандары менен бирге Европа өлкөлөрүнүн туристтери үчүн да өтө ыңгайлуу. Каспий деңизине саякат жасоо аркылуу 5 мамлекетти аралап чыгуу көпчүлүктүн кызыгуусун жаратат деп ойлойм. Бул биздин өлкөдө ички туризмди өнүктүрүүгө да жакшы болот.