Каспий деңизи: Серепчилердин пикири

Каспий деңизи – көпчүлүктүн назарында. Серепчилердин пикиринде, аймак ири ресурстук мүмкүнчүлүктөрүн айтпаганда, эл аралык унаа коридорлорун байланыштыруучу тогоого айланып келе жатат жана континент аралык байланыштар  системасында да маанилүү ролду аткарат. Деңиз жээктеринде жайгашкан бардык беш мамлекет өз ара эффективдүү соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар. Аны менен катар, шериктештиктин башка аспектери да көңүлдөн тышкары калбайт, дешет серепчилер.

АЙГҮЛ ДЕМЕУОВА, «КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ МАМЛЕКЕТТИК БАШКАРУУ АКАДЕМИЯСЫ» АЙМАКТЫК БӨЛҮМҮНҮН МҮДҮРҮ:

- Актоо саммити Казакстан үчүн өтө жакшы жарнама. Аны менен бирге, Маңгыстоо аймагына инвесторлорду тартууда да зор салымын кошот. Себеби, инвесторлор укуктары корголгон, бардык эрежелер жакшы сактала турган жерге гана инвестиция салышат.

Каспий деңизинде биологиялык жана суу тең салмактуулугун сактоо. Бул жумушту Казакстан, Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан жана Иран өлкөлөрү бирге аткарат. Бүгүнкү күндө биологиялык фондду сактоо – өзөктүү багыттардын бири. Бардык мамлекеттер суу айдыңынын стратегиялык маанилүүлүгүнө ылайык иш-аракет жасоого  кызыктар, дешет адистер.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, КР ТУҢГУЧ ПРЕЗИДЕНТ ФОНДУНУН АЛДЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Каспий деңизи өзгөчө. Осетр тукумдуу балыктардын 90 пайызы ошол жерде. Ошондуктан ал жерде экологиялык режимди бузбоо өтө маанилүү. Жылда ар бир өлкө браконьерлер менен күрөшүү иштерин жүргүзүп турат. Биргелешкен операциялар да бар.