Каспий аймактык өлкөлөрүнүн кызматташтыгы

Каспий аймактык мамлекеттери өз ара эффективдүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыктар. Бүгүнкү күндө Иран, Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан өлкөлөрүн Казакстан менен тыгыз экономикалык карым-катнаш байланыштырат. Мисалы,  үстүбүздөгү жылдын 5 айында эле Маңгыстоо облусу менен Орусиянын ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 52 млн доллардан ашты. Аймактын экономикасынын ар түрдүү тармактарында орусиялык капиталдын катышуусу менен 300 ишкана катталган.

НУРАДИЛ ИМАНГАЛИЕВ, ОБЛУСТУК ИИӨ БАШКАРМАЛЫГЫНЫН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Акыркы 3 жылда Каспий аймактык мамлекеттери менен товар жүгүртүү көлөмүнүн өскөнү байкалат. Өсүш көрсөткүчү 33 пайызды түзөт. Эгер 2015-жылы жалпы товар жүгүртүү көлөмү 165,8 млн долларды түзсө, 2017-жылы бул сандар 220,5 млн долларга чейин өскөн. Ушул товар жүгүртүүдө Орусиянын салымы басымдуулук кылат. Иран менен дагы алака жакшы. Биз аларга машина жасоо, металлургия тармактарынын өнүмдөрүн  экспорттойбуз. Ал эми Ирандан айыл чарба товарлары иморттолот.

Маңгыстоо облусу Азербайжан инвесторлору менен да тыгыз кызматташат. Аймакта биргелешкен 186 ишкана иштейт. Өндүрүш жана логистика борбору алардын бири. Товарларды сактоо комплекси бул аймактагы эң чоң болуп эсептелет. Анын жалпы аймагы 9 миң чарчы метрди түзөт. Азербайжандык инвесторлор бул долбоорго 4,5 млрд теңге жумшаган. Ошондой эле, бул өлкөнүн ишкерлери, «Актоо деңиз порту» атайын экономикалык аймагына 9 млрд теңгеден ашуун инвестиция салган. Трансформатор менен желелерди чыгара турган завод курулушу ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет.

ЖАРАСКАН КАБИЕВ, «АКТОО ДЕҢИЗ ПОРТУ» АЭА ИНВЕСТОРЛОР МЕНЕН ИШТЕШҮҮ БОЮНЧА БАШКЫ МЕНЕДЖЕРИ:

- Азыркы тапта «Актоо деңиз порту» атайын экономикалык аймагында 27 ишкана иштейт. Анын ичинде каспий өлкөлөрүнүн 2 ишканасы бар. Алар корпоративдик киреше жана жер салыгынан бошотулат. Ушул багытка Азербайжандык инвесторлордун кызыгуусу жогору. Ошол себептен аймакка көптөгөн инвестиция тартылат.

Түркмөнстан бизнесмендери менен да өз ара иш аракеттер жигердүү жүрүп жатат. Быйыл жазда маңгыстоолук ишкерлер делегациясы ушул Борбор Азия мамлекетине барып кайтышкан. Ишкердик жолугушууда эки тарап машина куруу, ишкана товарларынын жеңил өнөр жай жана курулуш материаларынын экспорту боюнча сунуштарды ортого салышкан.