Казакстан-БАЭ соода мамилеси

Казакстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин соода-экономикалык кызматташтыгы жылдан-жылга өнүгүүдө. Ишкерлер коому мурунтан калыптанган байланыштарды бекемдеп гана койбостон, ар түрдүү тармактарда жаңы кесиптештери менен иштешүүдө. Ушул максатта баш оона айынын 14-15теринде Дубайда Казакстандын расмий соода-экономикалык миссиясы өтөт. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы соода палатасы маалымдады. БАЭ Казакстандын инфраструктурасы, айыл чарбасы, энергетика, билим жана маданият тармактарында эки тараптуу кызматташтыкты болушунча өнүктүрүүгө кызыктар. 2017-жылы эки өлкөнүн товар жүгүртүү көлөмү 643 млн долларды түзгөн. Бул өткөн жыл менен салыштырганда эки эсе көп. Анын ичинде экспорт – 558,7 млн, импорт 84,3 млн долларды түзгөн. Араб Эмирликтери Казакстандын экологиялык таза айыл чарба өндүрүштөрүн көп өлчөмдө импорттойт. Бул биринчи кезекте дан өсүмдүктөрү, эт, өсүмдүк майы жана бал. Соода миссиясынын алкагында Дубайга казакстандык ири өндүрүүчүлөр жакынкы чыгыштын рыногуна өндүрүштөрүн тааныштырууга мүмкүнчүлүк алат.