Казакстан – чет өлкөлүк журналисттердин көзү менен

Заманбап Казакстан кандай? Бул суроого чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү өз көз караштарын сунушташты. Тышкы иштер министрлигинде бешинчи салттуу «Казакстан – чет өлкөлүк ЖМК көзү менен» аттуу сынак жыйынтыкталды. 80 жумуштун ичинен бешөө тандалып алынган. Ал макалаларда чет өлкөлүк журналисттер казакстандык саясат, экономика жана коомчулуктун жашоосуна байланыштуу өз көз караштарын жеткирүүгө аракет кылышкан. Быйыл сынакка АКШ, Германия, Улуу Британия, Индия жана өзбекстандык катышуучулар жеңүүчү аталышты. Өзгөчөлөнгөндөрдү сынактын уюштуруучулары Казакстанда тосуп алышты. Жеңүүчүлөр Алматы, Астана шаарлары жана Бурабай курортунда болушту. Алар өз эмгектерине ар кандай темаларды камтышкан. Мисалы, сынактын жеңүүчүсү Улугбек Шоназаров өз макаласында Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдиги тууралуу жазган.

УЛУГБЕК ШОНАЗАРОВ, СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ / ӨЗБЕКСТАН/:

- Коңшулаш Борбор Азия өлкөлөрү менен жакшы карым-катнашты орнотуу Өзбекстандын сырткы саясатынын негизги багыттарынын бири. Казакстан менен эки жактуу өнөктөштүктү ишке ашырдык. Бул нерсеге Казакстандагы быйылкы жылдын Өзбекстан жылы болуп жарыяланышы далил деп ойлойм.

Америкалык Форбс журналисти Александр Липовцев өз материалында Казакстандын эгемендүүлүктү алгандан бери жетишкен ийгиликтерине көңүл бурган. Ал Казакстандын ааламдык өзгөрүүлөрдү ишке ашыргандыгы тууралуу жазган.

АЛЕКСАНДР ЛИПОВЦЕВ, СЫНАКТЫН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ / АКШ/:

- Казакстан жигердүү өнүгүп келе жатат. Менин Америкага көчүп кеткениме көп убакыт болду. Ошондуктан Астана мен үчүн жаңы шаар. Бул шаарды турист сыяктуу кыдырам. Мен жетинин айында бул жерге медиа турга келген элем. Таң калганымды жашыра албайм.