Казакстан менен Индия кызматташтыгы - Kazakh TV

Казакстан менен Индия өз кызматташтык чөйрөсүн кеңейтет. Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан менен Индия  ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү миллиард долларга жеткен. Астанада өткөн жолугушууда эки өлкөнүн Тышкы иштер министрлери бул көрсөткүчтү мындан ары жакшыртуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Азыркы тапта кызматтыштык жүрүп жатат. Мисалы, Индия океанына чыгуу, Казакстан-Түркмөнстан-Иран темир жолунун мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү боюнча сүйлөшүүлөр орун алууда.

КАЙРАТ АБДРАХМАНОВ, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Биздин кызматташтык экономикадан баштап маданий-гуманитардыкка чейин бардык тилкени камтыйт. Индиянын «ЭКСПО-2017» мурасы болгон “Астана” Эл аралык борборуна, Эл аралык жашыл технология жана инвестициялык долбоорлордун борборуна болгон кызыгуусу  өтө жогору экенин белгилеп кетким келет. Ошондой эле алар Астана IT-стартап хабына кызыгышууда. Ушул жана башка долбоорлор эки өлкөнүн кызматташтыгынын негизи болот.

СУШМА СВАРАДЖ, ИНДИЯНЫН ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Казакстан менен Индиянын ортосундагы өнөктөштүк терең тарыхый жана маданий кызматташтыкка негизделген. Биздин өлкөлөр стратегиялык өнөктөштөр. Биз айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы, фармацевтика жана энергетика тармактары боюнча суроолорду талкууладык. Туризмди өнүктүрүү боюнча да кеп козголду.

Ошондой эле, дагы бир маанилүү долбоорлордун бири - ЕАЭБ жана Индиянын ортосундагы эркин соода аймагын түзүү Келишими боюнча сүйлөшүүлөрдүн башталышы болууда.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии