Бразилия Астана тажрыйбасын пайдаланууда - Kazakh TV

Бразилия борбору Казакстандын ири шаарларынын өнүгүү тажрыйбасын үйрөнүүгө даяр. Латынамерикалык мамлекет эң биринчи Астананы үлгү кылат. Бразилиядагы Казакстан элчилигинде Астананын 20 жылдык мааракесине карай салтанаттуу жыйын өттү. Иш-чара катышуучулары өзөктүү маселелерди талкуулашты.

МАРСЕЛО БОРГЕС, ИЛИМ, ТЕХНОЛОГИЯ ЖАНА ИННОВАЦИЯ ДЕПАРТАМЕНТИНИН БАШЧЫСЫ:

- Астана кыска убакыттын ичинде көптөгөн жетишкендиктерге жетишти. Ушул тажрыйбанын сырын көрүп, үйрөнүү үчүн ири компаниялар менен мекемелердин өкүлдөрү чогулуп жатышат. Бул жерде Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери гана эмес BioTIC, Embrapa, ASTEPS сыяктуу бизнес-алптардын өкүлдөрү да бар. Бул биздин Астананы канчалык урматтаганыбызды  жана аны менен иштешүүгө даяр экенибизди көрсөтөт.

Жолугушууда тарапташтар эки борбордун карым-катнашына негиз гана салбастан, «акылдуу технологиялар» тармагында кызматташтык менен тажрыйба алмашуунун жолдорун издештирүү боюнча убадалашты. Аны менен катар, эки мамлекет тең экономика, билим, маданият жана инновация тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну максат кылышууда.

КАЙРАТ САРЖАНОВ, КАЗАКСТАНДЫН БРАЗИЛИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Азыр борбор өлкөбүздүн символу менен мамлекет башчысынын саясий жана коомдук демилгелерин ишке ашыруунун жемиштүү платформасына айланып, эл аралык дипломатия борбору катары ролун бекемдөөдө. Жаңы технологиялар жана экономиканы санариптештирүү заманында акылдуу шаарлар моделине өтүү өтө өзөктүү. Ал эми Астана ушул концепциянын Казакстандагы үлгүсү катары саналат.

Салтанаттуу иш-чарага катышкандардын көбү – Казакстанга келип, Астананын мааракесин өз көзү менен көрүп кеткендер. Алардын көбү Казакстандын башкы шаарынын жигердүү өнүгүшү менен элдин меймандостугуна таң калышканын жашырган жок. Ошондой эле, катышуучуларга «Астана – тынчтык шаары» тасмасы көрсөтүлүп, Казакстан борборунун архитектуралык өзгөчөлүктөрү менен көрүнүктүү жерлери тааныштырылды.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии