Казакстан LPI рейтингинде көтөрүлдү - Kazakh TV

Казакстан Бүткүл дүйнөлүк банктын эл аралык жүктөрдү ташуу рейтинги боюнча өз көрсөткүчтөрүн жакшыртып, алты тепкичке жогорулады. Эки жылда бир жолу жаңылана турган байкоо системасына ички жана сырткы логистикалык эффективдүүлүк менен инфраструктура сапаты эске алынат. Казакстан 160 мамлекеттин арасында 71-орунга ээ болду. Изилдөөлөр көрсөткөндөй Казакстан дароо 2 тармакты жакшырта алган. Мисалы, бажылык жол-жоболоштуруунун эффективдүүлүгүн жогорулатуу аркасында Казакстан жыйырма биринчи тепкичке көтөрүлгөн. Мындан сырткары жүктөрдү өз убагында жеткирүү көрсөткүчү жагынан 42 тепкичке чейин жакшырган. Адистер мындай өсүштү өткөн жылдын тогуздун айында «Астана-1» бажылык жана салыктык автоматташтырылган башкаруу системасын ишке кошулуусу менен байланыштырып жатышат. Бүгүнкү күндө товарларды бажылык жол-жоболоштуруунун бирдиктүү долбоору караштырылып жатат.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии