Актауда Каспий аймагындагы мамлекеттер башчыларынын саммити өтөт

Актауда баш оона айынын он экисинде Каспий аймагындагы мамлекеттер башчыларынын саммити өтөт. Эл аралык маанилүү иш-чарага Казакстан, Орусия, Азербайжан, Түркмөнстан менен Ирандын президенттери баштаган беш өлкө делегациясы катышаары күтүлүүдө. Саммит алкагында Каспий аймагындагы мамлекеттердин соода-экономикалык карым-катнаштарын жана унаа байланыштарын өнүктүрүү маселелери талкууланат. Ошондой эле, Каспий деңизинин макамына тиешелүү документ кабыл алынат деп күтүлүүдө. Азыркы тапта иш-чарага  даярдык кызуу жүрүп жатат.

КАЙРАТ АКЫБАЕВ, АКТАУ ЭЛ АРАЛЫК ТКЧ БӨЛҮМҮНҮН БАШЧЫСЫНЫН МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУ:

- Коноктор үчүн атайын ар бир кесилиште белгилерди орноттук. Бүгүнкү күндө борбордук көчөлөрдөгү таш жолдор оңдолууда. Беш өлкөнүн делегаттарына алты конок үй даярдалып жатат.