Казакстан менен Өзбекстандын архивчилери биригип бирдиктүү «Жол картасын» жасашат - Kazakh TV

Казакстан менен Өзбекстандын архивчилери биригип бирдиктүү «Жол картасын» жасашат. Башкы документ алкагында атайын жумушчу тобу түзүлдү. Алдыдагы убакытта эки өлкөнүн окумуштуулары менен тарыхчылары күчтөрүн бириктирип, жазма маалыматтарды жыйноо аркылуу Борбор Азиянын жалпы тарыхын жазышат. Өзбекстандагы архивде 8-кылымда жазылган жалпы узундугу 30 метрден ашкан кол жазма сакталууда. Демек, документке нечендеген кылымдар бою боордош өлкөлөрдүн тарыхын далилдей турган далай жаңы маалыматтар пайда болот. Ошондой эле, архив тармагын, ал жактагы документтерди бузбастан акырындык менен санариптештирүү маселеси көздөлүп жатат.

УМИДЖОН АЪЛАМОВ, ӨЗБЕКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АРХИВ АГЕНТТИГИНИН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Меморандум долбоорун даярдоо тууралуу чечим кабыл алдык. Эки өлкөнүн архивдеринин арасында бирдиктүү келшимге келебиз. Бул жерде жеке эле жалпы тарыхты изилдеп койбостон өз ара кызматташтыкты жандандырууну көздөп жатабыз.

 ЕРИК ӨТЕМБАЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ӨЗБЕКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Эң биринчи маселе эки өлкөнүн арасындагы ири чоң топ түзүү. Ошолдой эле,  академия жана архив адистери  менен биргеликте иштешип, чогу-чаран «Жол картасын түзүшөт. Себеби мындай кызматташтык зор таасир берет деген ойдомун. Деген менен азыркы тапта Казакстан менен Өзбекстандын өнүгүүсү өтө маанилүү болуп жаткан учур.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии