Казакстан-Франция стратегиялык кызматташтыгына 10 жыл

Казакстан менен Франция ортосундагы стратегиялык кызматташтыгынын орногонуна 10 жыл болду. Ал Казакстандын Евробиримдик ичиндеги эң ир деген экономикалык өнөктөштөрдүн бештигине кирген мамлекет. Тарапташтардын карым-катнашы  соода-сатык, ишкердик байланышы менен гана чектелбейт. Өлкөлөрдүн билим жана маданият тармактарындагы кызматташтыгы жанданууда. Мисалы, Абай-Верн стипендиялык программасы 100 гө жакын казакстандык магистрант менен докторантарды Франицянын алдыңкы ЖОЖдорунда кабыл алуучу тараптын эсебинен билимдерин жогорулата алышат. Казакстанда жыл сайын Франкофония сынак уюштуруп турат. Жакында Улуттук музейде белгилүү француз сүрөтчүсү Поль Серюзьендин жеке көргөзмөсү ачылды.

ФИЛИПП МАРТИНЭ, КАЗАКСТАНДАГЫ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИСИ:

- Ай бою уланган  мааракелик иш-чаралар жыйынтыкталды. Абай-Верн гранттары салтанаттуу өткөрүлдү, ар кандай жолугуушулар өттү. Стратегиялық өнөктөш өлкөгө терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле Казакстандыктарды Франция өлкөсүнө чакырабыз.