Казакстан-Азербайжан: туристик мүмкүнчүлүк - Kazakh TV

Казакстан Азербайжан менен туристтик тармактагы кызматташтыкты бекемдешет. Коңшу өлкөдөн Казакстанга негизинен ишкердик максатта келчүүлөр көп. Адыдагы убакытта Азербайжан мамлекеттик агенттиги жеткиликтүү шаймандардын түрлөрүн арттырып, туристтик агымдын катмарын калыңдатуушуга кызыктар. Анын ичинде деңиз багытын иш жүзүнө  кошуп, Улуу Жибек жолунун мүмкүнчүлүктөрүн жогорку деңгээлде колдонуу пландалып жатат.

КЯНАН ГУЛУЗАДЕ, МАМЛЕКЕТТИК ТУРИСТТИК АГЕНТТИКТИН ӨКҮЛҮ:

- Казакстанга барып жаткан азербайжандыктар көп. Биздин байкашыбыз боюнча, алардын басымдуу бөлүгү ишкердик багыттагы сапарлар.Алар Акткау, Алматы, Астана шаарларын тандашкан.

МУЗАФФАР АГАКЕРИМОВ, АЗЕРБАЙЖАН ТУРИСТТИК АССОЦИАЦИЯСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН КЕҢЕШЧИСИ:

- Казакстанда мыкты объектер менен шаарлар көп. Ошондой жерлердин бири- Алматы. Астана болсо 21-кылымдын шаары. Ошондой эле, Казакстанда эл аралык иш-чаралар көп өтөт. Мисалы, ЭКСПО-2017 туристтердин кызыгуусун жаратканы белгилүү. Казакстанда маданий жана кышкы туризмдерди сунуштайбыз.

Азербайжан жарандары Казакстандын өздүк түрк маданияты кызыктырат. Жана алар мамлекеттин жаш шаарлары менен катар байыркы көрктүү, кереметтү жерлерин көргөзүп келерин билдиришти.

РЯВАН КАЗИМОВ, БАКУ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Бала кезимден Борбор Азияда, анын ичинде Казакстанда болууну кыялданып келем. Мага көбүнчө казак өлкөсүнүн өздүк маданияты, улуттук кийимдери жана тамактары кызыктуу.

НУРАНА ИМАНОВА, БАКУ Қ ШААРЫНЫН ТУРГУНУ:

- Мага Актау шаарынын жээги жагып жүрөт. Ошол шаардын жээгине барып эс алууна пландап жүрөм.

Серепчилердин пикиринде, эки өлкө арасындагы туристтик багытты өнүктүрүү үчүн бардык шарттар жасалган. Бүгүнкү күндө жаңы аба каттамдарын ачуу үчүн сүйлөшүүлөр  жүрүп жатат. Ошондой эле, Казакстандын көрүнүктүү, керемет  жерлери, байыркы эстеликтери, эс алуу жайлары тууралуу маалымат санын көбөйтүү керек, дешет адистер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии