БУУ: Терроризмге каршы күрөш

Казакстан – беделдүү эл аралык коомчулуктун мүчөсү. Өлкө көп вектордуу дипломатиялык мамилелер менен ишенимдүү өнөктөш. Чет өлкөлүк саясат таануучулар Казакстандын ааламдык демилгелерин өзгөчө белгилешет. Дүйнөлүк коомчулук Казак өлкөсүнүн ядролук куралды таратпоо режимин бекемдөө жана эл аралык терроризм менен күрөшүү багытындагы иш-аракеттерин жогору баалашат. БУУнун терроризмге каршы  комитетинин өкүлдөрү, бүгүнкү күндө Казакстан эл аралык жана аймактык коопсуздукту камсыз кылуу багытындагы маанилүү иш-чаралардын демилгечиси катары белгилүү, деп белгилеп өтүштү. Серепчилер Казакстандын эл аралык аренадагы ролунун маанилүүлүгүнө токтолушуп, Борбор Азиянын жүрөгүндө жайгашкан республика аймактык жана дүйнөлүк саясатка таасир берүүсү мүмкүн дешет. Аны менен бирге, БУУ коопсуздук Кеңишинин  туруксуз мүчөсү болуп, Казакстан күн тартибинде карала турган бардык маселелер боюнча өзүнүн жөндүү үлүшүн кошууга умтулуп келет.

ВЭЙСЮН ЧЕН, БУУнун ТЕРРОРИЗМГЕ КАРШЫ КҮРӨШҮҮ КОМИТЕТИНИН МҮДҮРҮНҮН ОРУН БАСАРЫ:

- Мени БУУдагы Казакстандын жумушу таң калтырат. Мамлекет Коопсуздук Кеңешинин мүчөсү жана андагы бир нече комитетке жетекчилик кылып келет. Казакстан Борбор Азияга эле эмес, дүйнөлүк коомчулукка тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуу, адам укуктарын өнүктүрүү, керек болсо, суу ресурстар маселелери боюнча маанилүү рол аткарат. Менин оюмча Казакстан жана анын борбору бизди  жетишкендиктери менен дагы далай кубандырат.