Казакстан-Франция мамилеси

Казакстан менен Франциянын дипломатиялык карым-катнашынын орногонуна 25 жыл, ал эми, эки жактуу стратегиялык өнөктөштүккө 10 жыл болду. Ушундай маанилүү окуяларга карай жыл аягында Франция президенти Эммануэль Макрон Астанага расмий сапары менен келери күтүлүүдө. Серепчилер, бул эки өлкөнүн кызматташтыгын дагы да арттырат, деген пикирде.

ЮГ ФАНТУ, ФРАНЦИЯНЫН ТИМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮНҮН  ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстан – акыркы 10 жыл ичиндеги Франциянын ишенимдүү стратегиялык өнөктөшү. Биз эки өлкөнүн бийлиги  жогорку деңгээлдеги сапаттуу диалогго кол жеткизишкен, бардык тармакта маанилүү кызматташтык орноткон өлкөлөрдөнбүз.

Франция - казакстан экономикасынын ири инвестору, өлкө республиканын эң алдыңкы беш соода өнөктөшүнө кирет. Казакстандын аймагында 170тей француз компаниясы иш алып барат. Акыркы беш жылда капиталдык салымдын көлөмү 14 миллиард долларга жетти. Ал эми эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 43 миллиард доллардан ашты.

ЭММАНУЭЛЬ ДЮПУИ, IPSЕ ИНСТИТУТУНУН ПРЕЗИДЕНТИ/ ПАРИЖ:

- Франция  менен анын компаниялары бүгүнкү күндө Казакстанда эле эмес, башка да жерлерде өтө белгилүү. Бул евразиялык интеграция менен кызматташтыктын аркасында ишке ашууда. Анткени, Казакстан Кытайдын «Бир кур-бир жол» мега-долбоорундагы алгачкы өлкө.  Ошондой эле, ал ЕАЭБдин, ШКУнун курамына кирет. Астанадагы «ЭКСПО-2017» көргөзмөсү шаардын туруктуу экономикасын өнүктүрүүдө жашыл энергетика маанилүү роль ойноорун көрсөттү.

Француз саясатчылары менен бизнесмендери туруктуу, бизнеске ыңгайлуу Астана менен энергетика, санариптешүү, маданият менен билим тармактарында кызматташтык орнотууга кызыктар.