Казакстан-Канада ишкердик кеңешинин III отуруму

Казакстан-Канада ишкердик кеңешинин III отуруму

Казакстан менен Канада ич ара кызматташтыкты тереңдетүүдө. Оттава шаарында эки өлкөнүн ишкердик кеңешинин III отуруму өттү. Жолугушууга аталган өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык миссиялары жана бизнес коомчулугунун өкүлдөрү катышты. Серепчилер, атом энергетикасы менен гидрогеология, айыл чарбасы, унаа жана авиа-космостук өнөр жайы менен мунай-газ тармактарын өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Аны менен бирге, эки өлкө өкмөттөрүнүн өкүлдөрү Казакстан жана Канада ортосундагы товар жүгүртүүдө оң көрүнүш бар экенин, ошондой эле Казакстанга инвестициялоо көлөмү топ-15 өлкөнүн катарына кирээрин, Канаданын  үлүшүн атап көрсөтүштү. Ишкердик кеңеш аянтында Канаданын космос агенттиги менен КР коргоо жана авиа космос өнөр жай министрлиги ортосунда Космос өнөр жайындагы кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюлду. Тарапташтар эки өлкө ортосундагы ишкердик байланышты бекемдөө жана эки жактуу кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иштерди  улантууга даяр экендиктерин билдиришти. Белгилеп кетүүчү жагдай, Ишкердик кеңеш өз ара пайдалуу кызматташтык андан ары өнүктүрүүнүн, инвестиция тартуунун жана экономиканын түрдүү тармактарындагы биргелишкен долбоорлорду ишке ашыруунун өзөктүү маселелери талкуулана турган маанилүү диалог аянтына айланды.