Бишкекте ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аудиторлор форуму өттү. Бул Кыргызстандын Уюмга төрагалык алкагындагы алгачкы эл аралык иш-чарасы. Жолугушууга сегиздик өлкөлөрдүн казына каржысын көзөмөлдөөчү  эсепчилери менен экономисттери келишкен. Жалпы, ШКУга мүчө  өлкөлөрдүн аудиторлору эки жылда бир жолу жолугушуп, каржы тармагындагы алдыдагы маселелерди талкуулашат.

УЛУКБЕК МАРИПОВ, КР ЭСЕП ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫ:

- Жолугушуулардын мааниси чоң. Мисалы, өткөн жылы биз Казакстан менен бирге саламаттыкты сактоо министрлигине, гемодиализ, кардиологияга аудит жүргүздүк. Кытай менен да жүргүзөбүз. Экинчиден, тажрыйба алмашуу.

Казакстандын Эсеп комитетинин башчысы Наталья Годунова ШКУнун алкагында интеграциялык жараяндарды күчөтүү тууралуу ири жумуштар аткарылып жаткандыгын белгилеп өттү. Аудиттин жогорку органдары  ушул жараянга өз салымын кошууга милдеттүү, дейт. Ушул багытта ШКУ алкагында мекемелердин кызматташтыгы жыл сайын өсүүдө.

НАТАЛЬЯ ГОДУНОВА, КР ЭСЕП КОМИТЕТИНИН ТӨРАЙЫМЫ:

- Уюм алкагында Казакстан долбоорлорду каржылоонун жана технологиялык ресурстарды мобилизациялоонун бирдиктүү механизмдерин түзүүнү колдойт. Соода-инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда эки жактуудан көп жактуу деңгээлге өтүүнү камсыз кылып, инфраструктуралык мега-долбоорлорду ишке ашырууну көздөйт.

Серепчилер АЭКБнын ачылышын кубануу менен кабыл алышты. Уюмдун катарындагы бардык өлкөлөрдүн каржы системаларын изилдеп, өз ара иш-аракеттерин жакшыртууга себеп болот, дешет адистер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии