Казакстан борборунда тейлөөсү англис укугуна негизделген эл аралык каржы борборунун ачылышын дүйнө серепчилери колдошууда. Алар бул Казакстандын гана эмес, аймактын инвестициялык келечегин ар тараптуу кылууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилешти.

 ХАЙНЕР ХАРТВИХ, «СОNTROLCONCULT» КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Астана эл аралык каржы борборунун өнүгүү концепциясын укканда, аймакта англис тили колдонулган каржы борборунун ачылаарына абдан кубандым. Себеби, кээ бир өлкөлөрдө тил жаатында көйгөйлөр болуп тураары белгилүү. Ошондуктан Астанада Батыш менен Чыгышты бириктире турган эл аралык каржы борборун ачуу орундуу жана келечектүү деп эсептеймин.

МАРТИН ЭМХ, ШВЕЙЦАРИЯ КОНСАЛТИНГДИК КОМПАНИЯСЫНЫН ӨКҮЛҮ:

- Бул ийгиликтүү долбоор болоору  шексиз. Ал үчүн билимдүү адистер жеткиликтүү. Мен каржы, банк, инвестиция, насыя тармактарында жана  мамлекеттик  менен жеке менчикти башкаруу системасын көптөгөн казактын  билимдүү адистеринен байкадым. Бул жерде эл аралык укук эрежелерине ылайык иш жүрөөрү айтылган. Бул инвесторлордун кызыгуусун арттырат. Себеби, аларга мыйзамга таянган инфраструктура зарыл. Аймактарыңызга ушундай борбор керек экени талашсыз.

Американын бизнес өкүлдөрү казакстандык өнөктөштөрү менен өз ара эффективдүү кызматташтыкты кеңейтүү максатында АЭКБнын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууну көздөөдө. Ири америкалык компания мүдүрү, белгилүү адвокат, ишкер жана меценат Эдвард Мермельштейн каржы хабынын аркасында жаңы инвесторлордун Казакстанга эле эмес, бүт дүйнөгө болгон кызыгуусу артат деп эсептейт.

ЭДВАРД МЕРМЕЛЬШТЕЙН, ИШКЕР:

- Борбордун өнөктөштөрү Шанхай биржа фонду менен Насдак экени белгилүү. Ошол себептүү Казакстанда өнүгүүнүн жаңы аянты пайда болот. Америкалык компаниялар да түрдүү транзакцияларга катышып, АЭКБ бүт дүйнө үчүн эшигин кенен ачат деп үмүттөнөбүз.  Борбор ишинин укуктук жактары, ислам банкынын принциптери көптөгөн инвесторлорду тартууга себепчи болот.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии