«Астана» ЭКБнун расмий ачылышы

Бүгүн Казакстандын борборунда “Астана” эл аралык каржы борборунун расмий ачылуу аземи болду. Салтанаттуу ачылышта сөз сүйлөп жатып Казакстан башчысы, бул борбордун негизделиши заманбап эгемендүү Казакстандын тарыхындагы жаңы барак жана экономиканын өнүгүшүндөгү маанилүү кадам деп белгиледи. Ошондой эле Нурсултан Назарбаев АЭКБ ири каржы аймактарынын тажрыйбасын камтыганын кошумчалады. Эл башы, инвесторлор жана “Астана” каржы борборунун катышуучулары үчүн мурда болуп көрбөгөндөй шарттар жасалганына жана талаш-тартыштарды чечүүгө багытталган АЭКБ соту, арбитраждык борбор түзүлгөнүнө ишендирди. Ыңгайлуу иштөө жана Казакстанда иш алып баруу үчүн чет өлкөлүк ишкерлерге экспат-борбору өз кызматтарын сунуштоого даяр. Белгилей кетсек, эл аралык борбордун ачылышы  Астананын 20 жылдыгын белгилөө күнүнө арналган. Ачылуу аземине 50 өлкөдөн 5 миңге жакын конок катышты. Алардын катарында өлкө башчылар да бар.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КАЗАКСТАН РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ:

- АЭКБ казакстандык үлгүсү  ушул тармактагы эң мыкты тажрыйбаларды камтыды. АЭКБнын катышуучулары Казакстандын эле эмес, бүт аймактын капиталына жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Эл аралык катышуучуларды тартуу үчүн постсоветтик өлкөлөрдө аналогу жок жагдайлар жасалган. Анын укуктук мартабасы конституциялык мыйзам менен бекитилген, ал эми анын расмий тили англис.  АЭКБнын катышуучуларын 50 жылга чейин салыктык жеңилдиктер каралган. Визалык жана эмгектик режим жеңилдиктери. Бул аймактагы  англис укугуна негизделген жалгыз борбор. Көз карандысыз сот, эл аралык арбитраждык борбор адилеттүүлүктү жана тарапташтардын укуктарын коргоону кепилдик берет.

Белгилей кетсек, АЭКБнын алдында Борбор Азиянын жана ЕАЭБдин каржы борбору болуу турат.