Эрке Есилдин жээгинде жайгашкан Астана – Казак өлкөсүнүн эгемендүүлүгүнүн символу. 20 жыл ичинде Астана ири шаарга айланып гана тим болбостон, ааламдык маселелер талкуулана турган абройлуу аянтка айланды. Казакстан борборунун туулган күнү менен куттуктаган эл аралык серепчилер ушундай пикирлерди билдирип жатышат. БУУнун Башкы катчысынын мурунку орун басары Анварул Карим Чоудхури Астананын мааракесин утурлай жылуу сезимдерин билдирди.

АНВАРУЛ КАРИМ ЧОУДХУРИ, БУУнун БАШКЫ КАТЧЫСЫНЫН МУРУНКУ ОРУН БАСАРЫ:

- Астананын өнүгүүсү БУУнун ар дайым назарында. Астананын 20 жылдыгы бул олуттуу окуя. Мен Казакстанга бардык жакшылыктарды, ал эми Астанага гүлдөй беришин каалаймын. Казакстандын маданий тынчтыкты, адам укуктарын, тынчтык менен коопсуздукту жайылтууну уланта беришине тилектешмин.

Астананын 20 жылдыгына Латвия-Казакстан өкмөт аралык комиссиясынын башчысы жана Балтика Республикасынын байланыш министри да өз тилектерин билдирди. Улдис Аугулис EXPO көргөзмөсүнө Латвиянын катышуусу өлкөлөр арасындагы кызматташтыкка маанилүү түрткү бергенин белгилеп өттү.

УЛДИС АУГУЛИС, ЛАТВИЯНЫН БАЙЛАНЫШ МИНИСТРИ:

- Шаар мегаполис катары жигердүү өнүгүп келе жатат. Латвия–Казакстан өкмөт аралык комиссиясынын башчысы катары ЭКСПО 2017 көргөзмөсүнөн соң эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктүн бекемделе түшкөндүгүн айта кетүү жөндүү деп эсептейм.

Астананы 20 жылдык мааракеси менен чет өлкөдөгү казакстандыктар да куттукташууда. Братиславада жашап жаткан Аманжол Кахарман өз үйүнүн төрүнө  домбра менен боз үйдү жайгаштырган. Ал күндө Казакстан тууралуу жаңылыктарды окуп, туулган жеринин ар бир жеңиши менен сыймыктанат.

АМАНЖОЛ КАХАРМАН:

Өзүбүз чет өлкөдө болсок да, жүрөгүбүз мекенибизде. Биз ата мекенибиз кандай өнүгүп жатканын байкап, көрүп турабыз. Борборубуз өнүгүп-өсө берсин. Келечекте үй-бүлөбүз менен Казакстанга кайтууну кыялданам.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии