Казакстан-Франция: Санариптик технологиялар алакасы

Франциялык компаниялар Казакстанда «Акылдуу шаарлар» тармагында долбоорлорду ишке ашырууну көздөөдө. Ал жашоочуларга көрсөтүлө турган бардык кызматтардын коопсуздугун камсыз кылып, ресурстарды эффективдүү башкарууга өбөлгө түзөт. Эки өлкө санариптик технологиялар тармагындагы кызматташтыкты күчөтүүнү көздөшүүдө.

ФИЛИПП МАРТИНЭ, КАЗАКСТАНДАГЫ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИСИ:

- Франциялык ишканалар «акылдуу шаарды» өнүктүрүүгө кызыгуу артышууда. Алар эң биринчи рынокту изилдеп, өздөрүнө өнөктөштөрдү табууну көздөшөт. Кийин биргелешкен долбоорлор колго алынат. Франциянын санариптештирүүдө тажрыйбасы мол. Мамлекетте салыктардын баары интернет аркылуу төлөнөт.

Күз айларында Казакстанда санариптик экономикага арналган казак-француз форуму өтөт. Ошондой эле Астана, Алматы шаарларынын ЖОЖдору менен биргеликте хакатон өткөрүү көздөлүүдө. Мындан сырткары, интерактивдүү уюлдук түзмөктөрдү колдонуу менен уникалдуу көргөзмөлөр, концерттер орун алат.