Жакынкы арада Евразиянын жүрөгүндө жайгашкан Астананын 20 жылдык мааракеси белгиленет. Жашына карабастан Казакстандын башкы шаары дүйнөдө тынчтык, береке, өнүгүүнүн символуна айланды. Ошондой эле башка көптөгөн мамлекеттер үчүн үлгү болду. Муну өзгөчө чет өлкөлүк саясатчылар, абройлуу окумуштуулар, маданият жана өнөр өкүлдөрү куттуктоолорунда белгилеп өтүштү.

ПРАБХАТ КУМАР, КАЗАКСТАНДАГЫ ИНДИЯ ЭЛЧИСИ:

- Астана 20 жыл мурун салынган. Ушул убакыттын ичинде Казакстандын борбору таң каларлык өзгөрдү. Атап өтө турган болсом, Астананын EXPO-2017, ШКУ Саммити жана башка ушул сыяктуу ири иш-чараларда ааламдык олуттуу маселелер көтөрүлгөн, дүйнө эли тартылган борборуна айланды.  Казакстан элин Астананын 20 жылдык майрамы менен куттуктаймын. Шаардын дүйнөлүк абройго ээ болуусу үчүн андан ары гүлдөп-өнүгүшүнө тилектешмин.

Астананын туулган күнү менен казакстандыктарды чын жүрөктөн куттуктоолор бүт дүйнө жүзүнөн келип жатат. АКШ өкүлдөрү да өз каалоолорун билдиришти.

ДЖОН ЭГАМО, НЬЮ-ЙОРКТОГУ УЛУТТУК ӨНӨР КЛУБУНУН ПРЕЗИДЕНТИ:

- Маараке кут болсун. Нью-Йорк Улуттук өнөр клубу үчүн бул өтө зор иш-чара, бул майрамды сиздер менен бирге белгилейбиз. Ошол себептүү, Абилхан Кастеев атындагы өнөр музейинин көргөзмөсүн уюштуруп, чыгармаларын сыймыктануу менен көрсөтүп жатабыз. Бул Казакстан менен АКШны жакындаткан дагы бир көпүрө болду.

МИХАЭЛЬ КОЛЕМАН, ПИАНИСТ:

- Казакстанды абдан жакыш көрөм. Экинчи ата мекеним деп да айта алам. Астанага барганда убакыт сонун өтөт, музыкалык тажрыйба топтоп келем. Астананын 20 жылдыгы кут болсун. Кайра барууну кыялданып жүрөм.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии