Казакстан дүйнөдөгү туруктуулук менен тынчтыкты орнотууга өз салымын кошо аларын далилдеп келе жатат. Аны менен катар, маданият аралык диалогго да өзгөчө көңүл бөлөт. Бул тууралуу Нью-Йорктогу БУУ штаб-квартирасында өткөн 2030-жылга чейин туруктуу өнүгүү форумунда катышуучулар белгилешти. Цивилизациялар Альянсынын өкүлдөрү Ал-Фараби атындагы КазУУнун маанилүү миссиясы тууралуу айтып өтүштү. ЖОЖ БУУ «Академиялык таасир» ааламдык хабын жана ЮНЕСКОнун Борбор Азия боюнча туруктуу өнүгүү аймактык хабын башкарат. Алардын айтымында, университет - ааламдык демилгелер үчүн эффективдүү аянт.

АНИФА МИCРИ, БУУ ЦИВИЛИЗАЦИЯЛАР АЛЬЯНСЫ ЖОГОРКУ ӨКҮЛҮНҮН КЕҢЕШЧИСИ:

- Биз билим алуу маселесинде басмырлоого учураган адамдар туурасында сөз козгодук. Бул жерде тек гана жазуу менен окуй алуу туурасында эле эмес, аны менен катар куугунтукка учурагандардын жан багуусу менен руханий күч алуусу тууралуу сөз болду. Мен Астана менен Алматыда Аль-Фараби атындагы КазУУда болдум. Алган таасиримди сөз менен жеткирүүгө болбойт. Биз казакстандыктардын руханий байлыгы, өз маданияты, мурасы тууралуу башкалар менен бөлүшүүгө даяр турушканына баа бердим.

Казакстан Борбор Азияда аймактык жана дүйнөлүк саясат менен карым-катнаш, коңшу өлкөлөр, ошондой эле чет өлкөлүк шериктештер менен өнүгүүдө стратегиялык орун алды. Мисалы, Астана-Токио ортосундагы кызматташтык БУУнун коопсуздук кеңешинде биргелешкен иштерде бекемдеген.

КОРО БЕШО, БУУнун  АЛДЫНДАГЫ ЖАПОНИЯНЫН ТУРУКТУУ ӨКҮЛҮ:

- Казакстан менен Жапония коопсуздук, тынчтык жаатында, ядролук куралсыздандыруу жана аны таратпоо маселесинде биргеликте иштеп келе жатат. БУУнун Эл аралык Кылмыш жана башка да трибуналар менен бирге өз ара иш аракет маселелерин талкууладык. Бул БУУнун уставдык документтеринде жазылганы менен, биз аны жакшырта беришибиз керек. Экинчиден, отчет берүү мааниге ээ. Анткени биз кээде эл аралык жана гуманитардык укуктун бузулганына күбө болобуз.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии