Казакстан Орусия менен аймак жана чек аралык кызматташтыгын кеңейтет. Ушул максатта Түндүк Казакстан жана Орусиянын Омск облустары өз ара шериктештик орнотуп, ар түрдүү тармактар боюнча маанилүү 10 документке кол коюшту. Өткөн жылы коңшулаш эки аймактын соода айлануусу болжол менен 280 миллион теңгени түзгөн. Жыл сайын биргелешкен ишканалардын саны да өсүп, беш жылда алардын катары 40 пайызды түзүп жатат. Бүгүнкү күндө 247 өндүрүш орду ишке кошулууда. Эки тарап Казакстанда айыл чарба техникасын чыгаруу жөнүндө биргелешкен долбоор айланасында келишим түзүштү.

АЛЕКСАНДР БУРКОВ, ОМСК ОБЛУСУНУН ГУБЕРНАТОРУ:

- Ишканалардын бири – бул трактор техникаларын оңдоо менен алектенет. Бул көбүнчө К-700. Мындай тракторлор казакстандык айыл чарба өндүрүүчүлөрдө абдан көп. Ушул максатта оңдоо базасы, адистер, технологиялар керек. Облус бул кабарды жакшы кабыл алды жана бул жерде иштөөгө даярбыз.

КУМАР АКСАКАЛОВ, ТҮНДҮК КАЗАКСТАН ОБЛУСУНУН АКИМИ:

- Иш жүзүндө эки тарапты бирдей маселе тынчсыздандырат. Бул эң биринчи аймактарды, конуштарды, аны менен бирге жашоо сапатын жакшыртуу, аймактарды өнүктүрүү болууда. Ушул чек арага чектеш аймактар арасындагы пайда болгон суроолордун оң чечимин табууда зор мүмкүнчүлүк жатат деп ойлойм.

Казакстан менен Орусия машина жасоо, өнөр жай, Агро өндүрүш комплекси жана туризм тармактарында кызматташтыкты жогорулатууга кызыктар. Казак тарап өз кезегинде орусиялык ишкерлерди Казакстанда биргелешкен  долбоорлорду ишке ашырууга чакырды. Бул үчүн Казакстанда инвесторлорго алгылыктуу жеңилдиктер жана ыңгайлуу климат караштырылган.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии