Казакстан менен Словакия кызматташтык карым-катнашы жаңы ыргак алууда. Чейрек кылымдык достукта өлкөлөрдү ишенимдүү стратегиялык жана өз ара эффективдүү шериктештик байланыштырып келет. Соода, экономика, саламаттыкты сактоо жана маданиятты өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу жагдайлар жасалган. Расмий Братислава машина жасоо тармагы менен атом энергетикасындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыктар. Ошондой эле, тарапташтар кесипкөй кадрлар менен алмашуу тууралуу келишишти.

МАРЕК ШАФИН, СЛОВАКИЯ ТИМ ДЕПАРТАМЕНТИНИН МҮДҮРҮ:

- Словакияда суу ресурстарын башкарууда өтө жакшы тажрыйба бар. Бул Борбор Азиядагы абдан өзөктүү маселе. Казакстанга биз көңүл кош карабайбыз, биздин карым-катнашыбызды мындан ары өнүктүрүүгө кызыктарбыз.

Парламенттик дипломатия да эки жактуу өз ара алаканы бекемдөөгө салым кошуп жатат. Эки өлкөнүн жогорку мыйзам чыгаруучу органдарында парламент аралык достук топтору түзүлдү. Тарапташтар эки өлкөнүн инвестициялык казак акыбалы жана Словакия бизнесине пайдалуу жаңы долбоорлорго ээ экенине ишеним билдирди. Мисалы, Актөбө облусунда биргелешкен тоок фабрикасы салынат.

САЯН УУЛЖАНОВ, СЛОВАКИЯДАГЫ КР ЭЛЧИЛИГИНИН БӨЛҮМ БАШЧЫСЫ:

-Биздин бул жердеги башкы максатыбыз – экономикалык дипломатияны өнүктүрүү. Ошол себептүү инвесторлорду тартууга аракет кылабыз. Ошондуктан Казакстанда чакан-чакан биргелешкен ишканалар ачылып жатат. Азыркы тапта 30дан ашуун биргелишкен ишкана бар.

Серепчилер өз ара эффективдүү кызматташтык келечегин атом энергетикасы тармагынан көрүшөт. Казакстан уран өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат жана атом тармагын өнүктүрүүдө өздүк жолу бар.

ДУШАН ПОДГОРСКИ, СЛОВАКИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ МУРУНКУ ЭЛЧИСИ:

- Словакияда 2 ири атом электростанциясы бар, дагы эки блоктун курулуп бүтүшүнө аз калды. Казакстандын Курчатов шаарында Улуттук ядролук борбор бар. Илимий-изилдөө борбору заманбап жабдыктар менен камсыздалган. Эки өлкө илимий изилдөө тармагында адис алмаша алат.

Европадагы эң жаш, дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн бири катары саналган Словакиянын карманган саясаты Казакстандыкына абдан окшош. Эки мамлекет тең тынчтык менен дүйнөлүк коопсуздукту бекемдөөгө салым кошуп келишүүдө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии