Польшанын Борбор Азия аймагындагы товар жүгүртүүсүнүн 80 пайызы Казакстандын үлүшү. Бүгүнкү күндө Казакстандын экономикасына поляк ишкерлери 60 млн доллар чамасында инвестиция кылган. Бул тууралуу өлкөнүн аталган мамлекеттеги элчиси Маргулан Баймухан маалымдады. Азыркы тапта өлкө аймагында ар түрдүү тармактар боюнча 219 биргелешкен ишкана иштейт. Ошондой эле, дипломат тарапташтар биргелешкен үч ири долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышкандыгын кошумчалады. Бүгүнкү күндө айыл чарба товарларын өндүрө турган жана трактор чогултуу заводун ачуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Эки өлкөнүн ишкердик өкүлдөрү келишимге келишсе, долбоор ушул жылдан баштап ишке ашырылат. Эки жактуу алыш-бериш да өнүгүп келе жатат. Быйыл алгачкы кварталда өз ара соода-сатыктын көлөмү былтыркы мезгилге салыштырмалуу 63 пайызга өскөнү байкалат. Бул багытта Казакстандын экспортунун өсүшү жогору.

МАРГУЛАН БАЙМУХАН, КАЗАКСТАНДЫН ПОЛЬШАДАҒЫ ЭЛЧИСИ:

- Биз Польша рыногун анализдеп, ал өлкөгө эмнени экспорттоо эффективдүү экенин караштырдык. Азыр Казакстанда чыгарылып жаткан «Кайнар» аккумуляторлору Белоруссия аркылуу Польшага сатылып жатат. Бизге ортомчу кереги жок. Өзүбүз түз экспорттой алабыз. Бизде өскөн дары-чөптөр Польшада суроо-талапка ээ.

Ошондой эле Маргулан Баймухан Астананын 20 жылдыгын Польшанын борбору Варшавада да белгилене тургандыгын кошумчалады. Иш-чарага ортоктош болгон Польшанын ишкердик топ өкүлдөрү менен ишкерлерине Казакстандын ар кайсы тармактары боюнча бүгүнкүсү менен келечеги тааныштырылып, эки жактуу кызматташтык мейкиндигин кеңейтүү жолдору караштырылды.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии