Казакстан-Чехия: Кызматташтыкка – 25 жыл

Прагада Казакстан менен Чехия ортосундагы кызматташтыктын жыйынтыгы чыгарылды. Белгилей кетсек, эки тарап экономиканын бардык тармактарында – энергетика, машина куруу, айыл чарбачылыгы, логистика жана билим берүү жаатында кызматташат. Тараптар эки жактуу эффективдүү өнөктөштүктү мындан ары да өркүндөтүүгө кызыктар. Бүгүнкү күндө Казакстанда Чехия менен биргелешкен 100 компания иштейт. Бул тууралуу дипломатиялык карым-катнаштын 25 жылдыгына арналган конференцияда айтылды.

СЕРЖАН АБДИКЕРИМОВ, КАЗАКСТАНДЫН ЧЕХИЯДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Казакстанга тартылган чех инвестициянын көлөмү болжолдуу 195 млн долларды түзөт. Ушундай экономикалык шериктештикте маанилүү ролду өлкөнүн соода байланышы 1 млрд 200 млнго жеткен, бул көрсөткүч дүйнөлүк кризистин айынан 2015-жана 2017-жылы төмөндөдү. Бирок, акыркы эки жылда товар жүгүртүү өсүп, 2017-жылы 730 млн долларды түздү.

ФРАНТИШЕК МАСОПУСТ, ЧЕХИЯ СООДА-ӨНӨКТӨШТҮК ПАЛАТАСЫНЫН КМШ ӨЛКӨЛӨРҮ БОЮНЧА БАШЧЫСЫ:

- Казакстан менен Чехиянын ортосундагы шериктештик дале өз мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтө албай келет. Эң биринчи энергетика, инфраструктура жана айыл чарба тармагындагы байланышты арттыруу керек. Чехия кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүү менен суу ресурстар тармагындагы мүмкүнчүлүгү мол мамлекет.

Чыгыш Европанын эң белгилүү саясатчыларынын бири Жамиля Стехликова белгилеп өткөндөй, эки өлкө ортосундагы жарым кылымга жакын достук шериктештигинде ишенимдүү саясий диалог курулуп, шарттык-укуктук база кеңейтилген.

ЖАМИЛЯ СТЕХЛИКОВА, ЧЕХИЯНЫН АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЭКС-МИНИСТРИ:

- Адам укуктары, анын ичинде аз улут өкүлдөрүнүн укуктарын коргоодо Казакстандын Конституциясы дүйнөдөгү эң алдыңкы мыйзам үлгүсү катары бааланат. Ушул тармакта Чехия менен кызматташуу өтө маанилүү. Белгилей кетсек, башка улут өкүлдөрүнүн дини менен тилин коргоодо Казакстан Чехияга үлгү боло алат.

ФИЛИП ВОЙТЕХ, ЧЕХИЯ ПАРЛАМЕНТИНИН ДЕПУТАТТАР ПАЛАТАСЫНЫН ТӨРАГАСЫНЫН ОРУН БАСАРЫ:

- Казакстанды биринчи кезекте дос өлкө деп билебиз. Европа менен Азия ортосундагы интеграцияны жакшыртуу жолундагы ишибиз уланат. Биз Казак өлкөсүнүн эл аралык аренада айтылган сунуштарын колдойбуз. Казакстан тынчтыкты курган, ядролук куралга каршы өлкө.

Конференцияда эки өлкөнүн стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу чех тилиндеги китептин бет ачары да болду. Анда Азия, Европа өлкөлөрүнүн өнүгүү мезгилдериндеги маанилүү окуялар камтылган. Аны менен катар эки өлкөнүн достугуна арналган даректүү тасма көпчүлүктүн назарына сунушталды.