ШКУ самммити: Серепчилердин пикири

ШКУ өнүгүшүндөгү жаңы мезгил. Уюм быйылкы жылдан баштап толук кандуу «Евразиялык чоң сегиздикке» айланды. Мүчө-мамлекеттердин катарын Азиядагы алп өлкөлөр Индия менен Пакистан толуктады. Серепчилердин айтымында, эң ири аймактык уюм катары «Шанхай сегиздигинин» ааламдык экономикалык саясатка жана эл аралык коопсуздук маселелерине таасири күчөйт. БУУ Коопсуздук Кеңешинде Казакстандын сунуштаган ааламдык демилгелерине мамлекеттер бир ооздон колдоо билдиришти. Серепчилердин айтымында, бул республикага деген жогорку ишенимдин белгиси.

ДАВИТ ИРГА ВОЛДЕГЕРИМА, БУУнун АЛДЫНДАГЫ ЭФИОПИЯ ТУРУКТУУ ӨКҮЛЧҮЛҮГҮНҮН САЯСИЙ КООРДИНАТОРУ:

- Биз терроризм менен күрөшкө тиешелүү кездешүүнү уюштургандыгы үчүн Казакстанга ыраазычылык билдиребиз. БУУ Коопсуздук Кеңешинде казак өлкөсү маанилүү ролду аткарат. Сиздер терроризмден эркин дүйнөгө жетүү Кодексин даярдоо боюнча демилгени мезгил-мезгили менен сунуштап келесиздер. Ошондой эле биздин мүчөлүгүбүз азыркы мезгилге туш келгендигине кубанычтабыз. Эки жактуу шериктештигибиз узак болсун. Казакстандын демилгелерине ийгилик каалайм.

ШКУга катышуучу-өлкөлөрдүн ич ара кызматташтыгы транспорт-логистикалык тармагын да жаңы деңгээлге көтөрдү. Мамлекеттер Кытайдын «Бир кур, бир жол» демилгесинин аймактык интеграциялык долбоорлорун, анын ичинде, ЕАЭБ  менен айкалыштыруу багытында иш жүргүзүүдө. ШКУ да маанилүү маселелерди чечүүчү аянттардын бири болду, дешет серепчилер.

ЮРИЙ ТАВРОВСКИЙ, ЧЫГЫШ ТААНУУЧУ:

- Чындыгында бул Петербургга чейин созулган темир жол же таш төшөлгөн  жол эле эмес. Бул жаңы шаар, завод, институттар менен музейлер салынып жаткан жаңы кур. Казак өлкөсү адаттагыдай идеяны козгоочу ролунда. Казакстан Президентинин Кытайга сапары мамлекеттин долбоордогу маанилүү ролун ачыктай түштү. Мамлекет өзүнүн улуттук кызыкчылыгын биринчи орунга койгон олуттуу саясаттын аркасында жеңишке жетип келди. Бул – «Нурлуу жол» долбоорунун алкагында Каспийге карай салынган темир жол, Казакстан катышып жаткан Танап долбоору жана башка демилгелер. Башкача айтканда, азыр Казакстан артыкчылык жана пайдага ээ болуп жатат.

Немис саясатчылары Казакстан Президентинин Кытайга жасаган сапарынын натыйжасын жогору баалашууда. Маттиас Дорнфельд Нурсултан Назарбаевдин Бээжин-Астана-Москва-Берлин багыты боюнча Евразиялык жогорку ылдамдыктуу темир магистралынын курулуш долбоорун ишке ашыруу тууралуу демилгенин маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

МАТТИАС ДОРНФЕЛЬДТ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Нурсултан Назарбаевдин Кытайга сапары жемиштүү болду деп ойлойм. Көптөгөн долбоорлор боюнча келишимдер жасалды. Казакстан каржы тартып, жумуш орундарын ачууга жөндөмдүү. Бул ушул өлкөнүн өнүгүшүнө өтө пайдалуу болот. Башка өлкөлөр Казакстанга мындан да көп инвестиция кылууга кызыктар болушту. Казакстандын логистикалык мүмкүнчүлүгү зор, анткени Казакстан аркылуу Жибек жолу өтөт. Ошондуктан Нурсултан Назарбаевдин инфраструктура менен унаа жолдорун өнүктүрүү туурасындагы демилгеси стратегиялык жактан маанилүү. Көптөгөн немис саясат таануучулары Казакстанды аймактагы ири транзиттик хаб болот деп айтып жатышат.