Астанада авиация адистерин даярдай турган аймактык окуу борбору ачылат. Анын  ишине авиация тармагынын эң мыкты адистери менен серепчилерин тартуу көздөлгөн. Тармактык мекеменин маалыматына ылайык, институт кызматы эл аралык стандарттар боюнча иш алып барат. Бул жерде Борбор Азия өлкөлөрүнөн курсанттар келип, даярдалып, квалификациясын жогорулата алышат.

ТАЛГАТ ЛАСТАЕВ, ЖАРАНДЫК АВИАЦИЯ КОМИТЕТИНИН ТӨРАГАСЫ:

- Бүгүнкү күндө учуучу курам, андан кийин аба кемелеринде кызмат көрсөтө турган инженердик-техникалык адистерге суроо-талап жогору. Азыр аба компаниялары учкучтарды даярдоону өз колуна алып, такшалмалардан өтүүгө жиберет. Техникалык адистерди да өздөрү даярдашат. Казакстанда тиешелүү окуу жайлары бар. Бирок, кадрлар талаптарга жооп бербейт.

Акыркы кездерде ташуу кызматтарына суроо-талап жогорулаган. Ошол себептүү бул тармакта адистер тартыш. Аймактык даражадагы институт ушул көйгөйдү чечүүгө салым кошот. Расмий маалыматтар боюнча, 2017-жылы Казакстандык компаниялардын кызматын 14 миллиондон ашуун адам пайдаланган. 2020-жылга карай бул көрсөткүчтү 35 пайызга жогорулатуу каралууда. Бүгүнкү күндө казакстандыктар көбүнчө Түркия, БАЭ жана Кытайга барышат. Учуу коопсуздугуна Казакстанда 20 миң адис жооптуу.

МАКАШ АБИШЕВ, КАЗАКСТАНДЫН ЭМГЕК СИҢИРГЕН УЧКУЧУ:

- Бизде мурда ар бир шаарда, ар облуста отряддар түзүлүп, даярдыктар жүргүзүлчү. Мисалы, АН-2 учагында учкуч тиешелүү убакытта учуп өтүш керек. Андан кийин учакты башкарууга уруксат алчу.

Казакстанда ушундай эле чакан авиацияны өнүктүрүү менен байланыштуу маселелер бар. Замандын талабына жооп берген инфраструктураны жасоо үчүн 23 миллиарддан ашуун каржы керек. Аны менен катар, Казакстанда авиация тармагынын британдык моделин киргизүү каралууда. Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу максатында республикада улуттук компания түзүлөт.



Комментарии