Казакстан менен Кытай кызматташтыгы

Казакстан менен Кытайдын өз ара пайдалуу кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Буга Нурсултан Назарбаевдин КЭРге болгон мамлекеттик сапарынын натыйжасында кол жеткизилген келишимдер далил. Казакстан үчүн Кытай маанилүү соода-экономикалык өнөктөш. Бүгүнкү күндө КЭР казакстандык товарларды ири импорттоочулардын бештигине кирет. Бээжиндеги сүйлөшүүлөрдө көтөрүлгөн темалардын дагы бири - фитосанитардык жана ветеринардык нормаларда бирдиктүү стандарттарды киргизүү болду. Серепчилердин пикиринде, бул чечим Кытайга жөнөтүлө турган айыл чарба товарларынын көлөмүн көбөйтүүгө себеп болот. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча, Кытай өлкөсүнө 180 млн доллар өлчөмүндө агро өндүрүш экспорттолгон.

ЖУМАБЕК САРАБЕКОВ, ДҮЙНӨЛҮК ЭКОНОМИКА ЖАНА САЯСАТ ИНСТИТУТУНУН СЕРЕПЧИСИ:

- Кытай рыногунда органикалык айыл чарбачылык өндүрүштөрүнө суроо-талап жогору. Биз сапаттуу эт менен башка да агротоварларды жеткизип, алардын суранычтарын канааттандырабыз. Кытай тарап сапатына ылайык баага келишип жатат.

Эки өлкө химия, машина куруу жана энергетика тармактарында инновациялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча жогорку деңгээлде келишим түзүштү. Казак өлкөсү Кытайга ушул убакка чейин таза буудайды экспорттоп келсе, эми терең иштетүү боюнча бирдиктүү ишкана ачат. Терең иштетилген дандан инновациялык полимер материалдар, пластик алына турган болот. Долбоорго эки жарым миллиард долларга жакын инвестиция тартылат.

ЛЮ СЮ, CATHAY INDUSTRIAL BIOTECH, LTD БАШКАРМАСЫНЫН БАШЧЫСЫ:

- Биз эң алдыңкы технологияларды пайдаланууну көздөп жатабыз. Биохимиянын жардамы менен кийим, килем сыяктуу түрдүү өнүмдөрдү чыгарабыз. Белгилей кетүүчү жагдай, дүйнө жүзүү боюнча мындай технология бизде гана бар, биз аны менен мактана алабыз.

Аны менен катар, Казакстанда бирдиктүү ишканалардын курулушу да каралган. Бул тизмеге 51 объект кирет. Азыркы тапта алардын бир бөлүгү ишке кошулган. Эффективдүү кызматташтыкка мисал катары Казакстанда өндүрүлүп жаткан кытай автоунааларын айтууга болот.

АСЕЛ НАЗАРБЕТОВА, КР ПРЕЗИДЕНТИНИН АЛДЫНДАГЫ КСИИ БӨЛҮМ ЖЕТЕКЧИСИ:

- Бир жагынан, бул автоунаалар жергиликтүү калк үчүн жеткиликтүү, баасы арзан. Экинчи жагынан сатып алуучулар, аталган унаалардын жогорку сапатына да маани беришет.

САНАТ КУШКУМБАЕВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Азыркы тапта 11 долбоор ишке ашырылды,  жалпы 28 млрд долларлык долбоорлор пландалган. Казакстан бул өндүрүштөрдүн экологиялык жактан таза жана зыянсыз болушуна басым жасайт. Эң негизгиси, ушул ишканаларда казакстандык жарандар иштеши керек.

Эки өлкөнүн саясат таануучулары менен экономисттери жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын маанилүүлүгүн белгилешет. Казакстан менен Кытайдын ортосундагы достук карым-катнашы менен өнөктөштүк байланыштар Борбор Азия аймагынын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизээри анык, дейт алар.

ЯНГ ЧЕН, ШАНХАЙ УНИВЕРСИТЕТИНИН ЧЕТ ТИЛДЕР ПРОФЕССОРУ:

- Бул  жолку Нурсултан Назарбаевдин Кытайга болгон сапары эки жактуу карым-катнаштардын маанилүүлүгүн дагы бир ирет тастыктады. Бул эки өлкө үчүн эле эмес, Борбор Азия аймагынын өнүгүүсү жана туруктуулугу үчүн өтө маанилүү.

Казакстан Президентинин Кытайга мамлекеттик иш сапары кезинде жалпы баасы 13 млрд долларды түзгөн 40 коммерциялык келишимдерге кол коюлду. Эл аралык серепчилердин пикиринде, жогорку деңгээлдеги ишеним менен кызматташтык эки өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө оң таасирин тийгизет.