Стратегиялык кызматташтыкка – 10 жыл. Франция Казакстан менен мындай келишимге кол койгон алгачкы европа мамлекети. Бүгүнкү күндө эки өлкөнүн кызматташтыгы бүт тармакты камтыйт. 2017-жылдын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн товар жүгүртүүсү 3 млрд доллардан ашкан. Бул 2016-жылга салыштырмалуу 38 пайызга көп. Франция Казакстандын инвесторлорунун алдыңкы бештигине кирет. Бул өлкө Казакстандын экономикасына 13 миллиард доллардан ашуун каржы багыттаган.

ФИЛИПП МАРТИНЭ, КАЗАКСТАНДАГЫ ФРАНЦИЯ ЭЛЧИСИ:

- Биздин товар жүгүртүүбүздүн басымдуу бөлүгүн мунай менен уран түзөт. Ошондой эле энергия тармагы да кирип жатат. Биз жаңы тармактар боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү каалайбыз. Мисалы, айыл чарба тармагында бирдиктүү долбоорлорду ишке ашырууга болот. Казакстан аркылуу Кытай рыногуна да жол ачылат. Ушул тармакка инвестиция бөлүүгө көңүл буруу каралууда.

Азыркы мезгилде Казакстанда Франция капиталынын колдоосу менен иштеген 130га жакын компания бар. Эки тарап жаңы технологиялар, инновациялык ишканалар менен стартаптарды колдоого көңүл буруп жатат. «Санариптүү Казакстан» программасынын алкагында казакстандык жана франциялык компаниялардын ортосунда жаңы долбоорлор колго алынат деп күтүлүүдө.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии