"Чоң сегиздиктин" кызматташтыгы

ШКУ саммити биринчи жолу Индия жана Пакистандын катышуусу менен “чоң сегиздиктин” форматында өттү. Серепчилердин айтымында, бул интеграциялык бирикменин өнүгүшүнүн мыйзам ченемдүү көрүнүшү болду. Азыркы тапта өлкөлөр санариптешүү, роботтошуу жана инновация тармактарында күчтөрүн бириктирүүдө. Ааламдык экономикалык туруксуздук мезгилинде ШКУ өлкөлөрү кызматташтыктан пайда ала алышат. Бирдиктүүү инфраструктуралык мега долбоорлор нак экономикалык секирик болот алат.

РУСТЕМ КАДЫРЖАНОВ, САЯСАТ ТААНУУЧУ:

- Казакстан менен Кытайдын келишиминде темир жол менен унаа жол сыяктуу инфраструктураларды салуу. Ушул жолдун жээгинде өндүрүш куруу да планы бар. Бул Казакстанга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө пайдалуу болот.

Циндаодогу саммит коопсуздук менен туруктуулукту бекемдөө, соода тармагына өнүктүрүүнүн жаңы жолдору менен мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Мамлекеттер ич ара атаандаштык жагдайында экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болот.

ШЕРЗОД ЗИЁЕВ, САЯСАТ ТАНУУЧУ:

- Туура мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу аркылуу дүйнөлүк көчкө илешүүгө болот. Бул жерде ич ара экономикалык байланыш менен инвестициялык камкордук керек. Бүгүнкү күндө биз эң маанилүү деңгээлде турабыз.  Бул Өзбекстанга  гана эмес, башка да боордош өлкөлөр үчүн пайдалуу. Уюмдун коопсуздук тармагында да алардын орду өзгөчө. Мисалы, Ооганстандагы жагдай бир аз туруктуу болуп келүүдө. Дал азыркы тапта, ушул биримдиктин  аркасында Казакстан менен Орусия, Беларусь менен ири Кытай сыяктуу өлкөлөр ортосундагы кызматташтык жакшыра баштады.

Туруктуулук менен өнүгүүнү максат кылган уюмдун Циндаодогу саммитинде Казакстан, Орусия, Кытай, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан өлкөлөрүнүн башчылары жалпы 17 документке кол коюшту. Алар мамлекеттердин ич ара кызматташтыгы, терроризм, баңгитрафик менен күрөшүү жана курчаган чөйрөнү коргоо сыяктуу ааламдык маселелерди камтыйт. Мамлекет башчылары Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтык алкагында калыптанган «Шанхай рухун» кармоого убада беришти.