Казакстан менен Кытай ич ара пайдалуулукту камсыздоо багытында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүдө. Эки тараптуу мамиле казак экономикасынын стратегиялык мүмкүнчүлүктөрүнүн негизинде түзүлүүдө. Бул тууралуу Нурсултан Назарбаев КЭРге болгон сапарынын жыйынтыгы боюнча ЖМК өкүлдөрүнө брифинг маалында белгиледи. Өлкө башчысы бирдиктүү индустриалдык – инновациялык долбоорду ишке ашырууга кенен токтолду. Алардын жыйынтыгы боюнча экспортко негизделген, баасы кошулган, жогорку технологиялык өндүрүштөрдү иштеп чыгаруучу ишкана түзүү болду, дейт Президент.

НУРСУЛТАН НАЗАРБАЕВ, КР ПРЕЗИДЕНТИ:

- Биз өзүбүздүн индустриалдык – инновациялык программабызды жүргүзөбүз. 1200 ишкана курдук.  Тагыраак айтканда, биздин милдет – чийки затка көз карандысыз альтернативдүү экономиканы түзүү. Мунай-газдын баасы 30 долларга чейин түштү, металлдын да баасы төмөндөдү. Бардык түрлөрүнө. Ошондуктан, ресурстарыбызга, кен байлыктарыбызга ишенүү оор. Эми мындан ары кантип кыймылдайбыз, эмне менен ийгиликтерге жетээрибизди кылдат ойлонушубуз керек. Экономиканын өсүшүнө өбөлгө болчу нерселер. Бул 51 долбоор, алардын төртөө ишке кирди, алтоо ушул жылы ишке берилет. 11 иштеп жатат. Мына 21 долбоорду атап өттүм, кийинки жылга 18 долбоор каралган.

Нурсултан Назарбаевдин Кытайга мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бир катар маанилүү документтерге кол коюлду. Анын ичинде, ядролук материалдарды мыйзамсыз айлануусунун алдын алууда ич ара таасирдүүлүк, каржы, инвестиция, электрондук коммерция тармактарындагы өз ара түшүнүү менен кызматташтык тууралуу меморандуму бар. Серепчилердин пикиринде, Казакстан менен Кытайдын кызматташтыгы аймактык деңгээлден чыгып, трансконтиненталдык даражага жеткен. «Бир кур – бир жол» сыяктуу ааламдык инфраструктуралык долбоорго катышуу Казакстанды чоң геосаясий бийиктиктерге жетелейт.

ДМИТРИЙ ЖУРАВЛЕВ, АЙМАКТЫК МАСЕЛЕЛЕР ИНСТИТУТУНУН БАШКЫ МҮДҮРҮ:

- Казакстан «Бир кур – бир жол» долбоорунун каржы борбору деп толук айта алам. Эгер сиз картаны Парижден  Бээжинге чейин жайсаңыз, Казакстандын ортодо калганын көрөсүз. Бул программа маанилүү. Келечекте казак эли унаа хабы багытында дүйнөдөгү ордун табат. Ушул багытта өлкөнүн экономикалык кубаттуулугу артат.  Казакстан көп жактуу саясатты сунуштоонун аркасында Чыгыш менен да, Батыш менен да өнөктөш. Бул мыкты саясаттын жемиши.



Комментарии