20 жыл ичинде Астана Казакстандын саясий, экономикалык жана маданий борбору гана эмес, эл аралык өнүгүү жана тынчтык орнотуу маселелери талкууланган ааламдык аянтка айланды. Мындай ой менен «Астана – тынчтыктын шаары» аттуу конференциянын алкагында чет өлкөлүк саясатчылар менен серепчилер бөлүштү. Катышуучулардын пикиринде, 2010-жылкы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун саммити эл аралык коопсуздукту бекемдөөгө арналган казакстандык дипломатиянын ири жетишкендиги болду. Жыйындын корутундусу боюнча кабыл алынган «ЕККУ Астаналык декларациясы» евро-атлантика аймагы менен евразиялык коопсуздук системаларын байланыштырат.

ФРАНКО ФРАТТИНИ, ИТАЛИЯНЫН МУРУНКУ ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИ:

- Мен Астана декларациясында камтылган маселелер азыр да өзөктүү деп ойлойм. Ал – Владивостоктон Ванкуверге чейин коопсуздукту камсыз кылуу. Ошентсе да, 2011-жылдан кийин  болгон окуяларды эске алуу керек. Сирия, Ливия, Йемен, Африка өлкөлөрүндө терроризм коркунучу бар. Ошондуктан, Казакстан тынчтык менен коопсуздукту камсыз кылуучу өлкөнүн ролун аткаруусу керек деп ойлойм.

Астана Сириядагы чыңалууну басаңдатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзө турган эффективдүү аянтка айланды. Элдештирүү демилгелер Казакстан туруксуз мүчө болгон БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишинде да орун тапты. Серепчилердин айтымында, мамлекеттин тышкы саясий  көз карашы бардык тынчтык куруу демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга мүмкүндүк берет. Жыл сайын чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялар менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн саны өсүүдө. Бул Астананын аймактагы жетекчи саясий борбор болгондугун тастыктайт, дешет серепчилер.

АРИЕЛЬ КОЭН, АТЛАНТИКАЛЫК КЕҢЕШТИН ИЛИМИЙ КЫЗМАТКЕРИ:

- Сирия диалогун орнотууга себепкер болуу сыяктуу Казакстандын кадамы абдан кубандырат. Астананын эл аралык дипломатияда алган олуттуу орду бар деп айта алам.

Конференциянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар Астананын «Жибек Жолунун экономикалык куру» сыяктуу экономикалык өнөктөштүк боюнча жигердүү демилгелер сунушталган эл аралык аянтка айлангандыгын атап өтүштү. Евразиялык экономикалык биримдикти куруу жөнүндөгү келишимге да Астанада кол коюлган. Ошондой эле, борбордо Ислам кызматташтык уюмунун илим менен технологияларга арналган тунгуч саммити уюштурулган. Азыркы тапта Казакстандын башкы шаары аймактын интеграциялык процесстерге жигердүү катышып келет.

ПИТЕР БУРИАН, ЕБнын БОРБОР АЗИЯ БОЮНЧА АТАЙЫН ӨКҮЛҮ:

- Биз «Бир кур, бир жолду» өтө маанилүү демилге катары баалайбыз. Анын аркасында түрдүү багыттагы өнөктөштүктү орнотобуз деген ниеттемин. Бул тармакта Борбор Азиянын аткара турган ролу өзгөчө. Менен оюмча, Казакстан дүйнөлүк аренада тынчтык менен коопсуздукту бекемдеп, Европа менен Азия ортосундагы байланышты тереңдетүүгө алгылыктуу салым кошуп келет.

Серепчилер «ЭКСПО-2017» адистештирилген эл аралык көргөзмөнү ийгиликтүү өткөргөндүгүн да баса белгилешти. Алардын айтымында, бул окуя ааламдын келечек энергетикасын өнүктүрүүгө үндөдү. Көргөзмөдөн кийин да объекттерде иш уланып жатат. «Астана» эл аралык каржы борбору, Эл аралык жашыл технологиялар борбору менен Эл аралык IT-стартаптар технопаркы – ЭКСПОнун мурасы. Алар өлкөнүн гана эмес, жалпы аймактын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет, дешет серепчилер.



Oкшош жаңылыктар

Комментарии