Казакстан-Латвия кызматташтыгы

Казакстан-Латвия кызматташтыгы

Казакстан менен Латвия ортосунда тыгыз саясий жана экономикалык өнөктөштүк орногон. Ригада эки тараптын Тышкы иштер министрликтеринин өкүлдөрү ич ара пайдалуу кызматташтыктын келечегин талкуулап, соода жана экономикалык карым-катнаштарды мындан ары өнүктүрүүгө кызыктар экенин билдиришти. Латвия Казакстандын эл аралык уюмдарда сунуштаган ааламдык демилгелерине жана узак мөөнөтүү реформаларга колдоо көрсөтүп келет.

АНДРЕЙС ПИЛДЕГОВИЧС, ЛАТВИЯ ТИМ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ:

- Биз Казакстанды аймактагы башкы өнөктөшөбүз катары карап жатабыз. Акыркы жылдары Казакстан менен Евробиримдик ортосундагы ич ара  кызматташууну колдоп келебиз. Былтыр ушул багытта өнөктөштүк жөнүндө келишим жасалган. Эми бул ирет аталган уюм менен Казак өлкөсүнүн ич ара кызматташтыгын ачыктай турган жаңы стратегия даярдап жатабыз. Албетте, бизди бириктире турган коркунучтар бар. Бул - терроризм жана баңгитрафик менен күрөшүү.

ЮРИЙC ПОГРЕБНЯКC, ЛАТВИЯНЫН КАЗАКСТАНДАГЫ ЭЛЧИСИ:

- Бул ирет билим берүү, жашыл жана маалыматтык технологиялар тармагындагы карым-катнаштарды, ошондой эле,  унаа, логистика, транзит менен евразиялык ташууну өнүктүрүү маселелери туурасында кеп кылдык. Биз бир кургактыкта жайгашкан шериктеш өлкөлөрбүз. Ошол себептүү тармактарда биргелешип иш-аракеттерибизди уланта беребиз.

Казакстан да Латвия менен ич ара кызматташуу активдүүлүгүнө жогору баа берүүдө. Дипломатиялык карым-катнаштын 25 жылдык мааракеси былтыр белгиленген, эки өлкөнү ортодогу бекем достук, ачык жана эффективдүү өнөктөштүк бириктирип келет.

РОМАН ВАСИЛЕНКО, КР ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРИНИН ОРУН БАСАРЫ:

- Ортобузда толук түшүнүү бар, чечилбеген маселе жок, эки жакка тең пайдалуу кызматташтыкты бекемдөөгө кызыктарбыз. Ушул негизде карым-катнашыбызды мындан ары да өнүктүрө беребиз.

Аны менен катар, эки өлкө өкүлдөрү айыл чарбачылыгы, нанотехнологиялар жана курулуш тармактарында кызматташтыкты өңүктүрүүгө кызыктар. Латвиялык өнөктөштөр Казакстандагы мамлекеттин активдүү өнүгүүсүн көздөгөн реформалардын ишке ашуусун тыкыр көзөмөлдөп жатышкандыгын белгилешет.